Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР АРНАМЫС КОДЕКСИНЕ КОЛ КОЙОБУ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Учурда Кыргызстанда президенттикке талапкерлердин улуттук клубу түзүлүп жатат. Клубдун уюштуруучулары президенттикке ат салышкандар үчүн ар-намыс кодексин түзүп, ага талапкерлерди кол койдурганга аракет баштады. Ошондой эле алар президенттикке талапкерлердин ар бирин медициналык кароодон өткөрүп, айрыкча психикалык саламаттыгын текшерүү демилгеси менен чыгып жатышат.

Арнамыс кодексине кол койгон талапкерлер Конституциялык нормаларды сактаганга, шайлоо өнөктүгү маалында мыйзам бузууларга жана атаандаштарына каршы булганыч технологияларды пайдаланбаганга, шайлоодо уткан адамды президент катары таанууга сөз берет. Аталган клубдун демилгечиси Токтайым Үмөталиева учурда бул кодекске кол койгонго президенттикке ат салышып жаткан беш адам макул болду деп билдирди.

Президенттикке талапкерлердин улуттук клубунун түзүүчүлөрүнүн бири, профессор Мирсаид Миррахимов талапкерлер эл тынчтыгын жана мамлекет кызыкчылыгын ойлосо анда кол коюшат деп жооп берди.

Бирок айрым талдоочулар кеп кодексте эмес, кеп алардын түзүүчүлөрүндө деп жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов ал кодекс таза кол менен жасалганбы кеп ушунда дейт:

- Бир жазуучудан Чайковскийдин жаңы романын окудуңузбу, образдарды аябай жакшы ачыптыр деп сурашат. Ал чыгарма таза кол менен жазылган эмес, андыктан окубайм дагы деп жооп бериптир. Миррахимов аксакалды биз жакшы билебиз, ушундай адамдар жазган кодекске талапкерлер муктажбы кеп ушунда.

Улуттук клубдун түзүүчүлөрү айрым чет мамлекеттердегидей талапкерлерди медициналык кароодон өткөргөн оң деп билдирип жатышат. Аскар Акаевдин тушунда түзүлгөн демократиялык коопсуздук боюнча кеңешти башкарган Мирсаид Миррахимов талапкерлердин айрыкча психикалык саламаттыгын текшерүү керек деген сунуш менен чыгууда:

- Мамлекет башчынын ден- соолугу мыкты болуш керек. Анын катуу оорусу жокпу, башкача ойлонуп кетип элди кырып ийбейби, сөзсүз текшерилгени оң. Мен телевизорду карап отуруп, чынында айрым саясатчыларды айрыкча писхикалык саламаттыгын текшерип көрсө кандай болот деп ойлоп койом.

Миррахимовдун айтымында, бул боюнча шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдоого кам көрүлүп жатат. Анын пикиринде, талапкерлердин психикалык саламаттыгын текшерүүчү комиссияга керек болсо чет мамлекеттен адистерди тартуу керек.

Президенттикке ат салышып аткан Жыпар Жекшеев бул адамдын ар-намысына шек келтире турган сунуш дейт:

- Миррахимов аксакал өзү жүрөк доктур болсо, анан психиканы кантип текшергени жатат, мен бул пикирин угуп алып таң калдым. Албетте, талапкерлердин арасында деле ар кандай адамдар бар. Биринин ачуусу чукул, балким, бири башкача ой жүгүртөт дегендей. Бирок бул сунушу адамдын ар- намысына шек келтирген ой деп эсептейм.

Жыпар Жекшеев ошондой эле анын түзүүчүлөрүн сыйлабагындыктан арнамыс кодексине кол койбостугун кошумчалады:

- Кодексти түзүүчүлөрдүн өзүн карап көрсөңөр, Кеңешбек Дүйшөбаевге окшогондор жүрөт. Мен ал киши менен деги эле маңдай- тескей отура албайм. Мындай адамдар арнамыс кодексин түзө турган адамдар эмес.

Президенттикке талапкерлердин улуттук клубун түзүүчүлөрдүн бири Токтайым Үмөталиева билдиргенине караганда, ушул ишембиде талапкерлердин баарын бир үстөлгө отургузуп, арнамыс кодексине кол койдуруу аракети көрүлөт.

XS
SM
MD
LG