Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Тарыхый сейрек ыкыбалды Аскар Акаев кандай максатка пайдаланды? Эгемендиктин он беш жылдык тажрыйбасынын негизги сабагы кайсы? Эмнеликтен Кыргызстанга ири чет эл инвестициясы буга чейин далысын салып келди? Жаңы кыргыз өкмөтүнүн экономикалык саясатынын айрым урунт учурлары жайында вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов “Азаттыкка” маек курду.

- Жаңы өкмөттүн экономикалык саясаты анын жакынкы 100 күнгө жана алдыдагы жылдарга эсептелген жаңы программасы тууралуу айттыңыз эле. Экономикалык негизги багыттар кайсылар?

- Программа 100 күндүк эмес, ал программанын биринчи бөлүмү гана. Эмне үчүн 100 күн деп жатабыз? Себеп - шайлоого чейинки кадамдарыбыз кандай болот? Экинчиден, жылдын аягына чейин. Анан стратегиялык жалпы үч жылдык, беш жылдык программа.

Ошол 100 күндүктүн ичинде пенсияларды көбөйтүү, электр энергиясына тарифтерди көтөрбөө, темир жол акысын мурдагы калыбында кармоо, мугалим, врач, маданият тармагында иштеген адамдардын айлыктары, башка көп-көп нерселер. Банкроттукка кабылган банктардын карыздарын кайтарыш, билесиңер мурунку «Элбанк», союз маалында канчалардын акчасы күйгөн. Ошол иштерди жасап жатабыз.

Экинчиден, жылдын аягына чейин. Биз азыр топ-топко бөлүнүп, тышкы карыздарды эмне кылабыз, келип аткан грант, техникалык жардамдар каякка кетип атат, каякка кетиш керек, 2006-жылдын бюджети кандай болот? Бүгүнкү бюджет, билесиздер, 18 миллиард сом. Ошолордун баарын изилдеп иштеп жатабыз.

Өкмөттүн жаңы түзүмүн караш керек. Ошонун баарына топ-топ болуп иштеп жатабыз. Булардын баары программага кирген. Анын дагы бир негизги багыты – коррупцияга каршы күрөшүү маселеси. Биз айтпадыкпы, буюрса жылдын аягына чейин бюджетке кошумча дагы 5 миллиард сом чогулталы деп жатабыз.

Пландар жакшы, аткарылышы деле жаман болгон жок. Апрелге биз 200 миллион деп пландаштырганбыз. Пландан тышкары 179 миллион чогулттук. Майга 250 миллион деп жатабыз. Кудай буюрса аны да аткарабыз го. Өзүңөр эсептеп көргүлө, ар бир айга орто эсеп менен 200 миллиондон кошулуп турса жыл бою канча болот? 2,5 миллиард. Бул салык менен бажыдан эле түшкөнү.

Мындан сырткары алкоголь тармагы, тамеки боюнча программа түзүп жатабыз. К.Бакиев айткан электр энергиясынын чыгымын 10 пайызга азайтуу тапшырмасынын үстүндө иштеп жатабыз.

- Данияр мырза, билесиз мурдагы өкмөт энергетика, электроникага өзгөчө көңүл бурабыз деп кооз программаларды сунуш кылчу. Жаңы өкмөттүн экономикалык саясатында өзгөчө көңүл бурулчу, негизги багыты кандай?

- Биринчиден, биздин өкмөттүн негизги принциби – көп сөз болбош керек. Күч жете турган программаларды түзүп, аларды аткарыш керек. Казакстанга барганда абдан уят болдук. Сөздү баштасак эле «мобуну кыргыздар убада бердиңер эле аткарган жоксуңар, муну айттыңар эле жасаган жоксуңар» дешет. Башка өлкөлөр менен болгон мамиле ушундай.

Ошон үчүн принципиалдуу түрдө мамлекеттик кызыкчылыкка туура келген эки тармак бар. Бул энергетика жана тоокен өндүрүшү - алтын өндүрүү - бул мамлекеттин позициясы. Экинчиси - айыл чарба.

Бизде элдин 70 пайыздан ашууну айылда жашайт. Ал жерлерде негизинен кыргыздар жашайт, өкмөт аларды ойлош керек. Үчүнчүдөн, бул жеңил өнөр жайы – кийим тигүү. Мына ушул үчөө эң көп жумуш орундарын түзүүчү тармактар. Элибизге жумуш орундарын түзүп, завод-фабрикаларды жүргүзүп, иштеп калсак, Кудай буюрса, бир-эки жылда бутубузга туруп калабыз.

- Тоо-кен өндүрүшү, алтын тууралуу айта кеттиңиз. Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери эле алтындын көйгөйү, алтындын сөзү, алтындын проблемасы түгөнбөй козголуп келатат. «Кумтөр» алтын кенинин айланасында дагы кеп болууда, айрым бүдөмүк иштер айтылууда, жаңы өкмөттүн буга мамилеси кандай болот?

- «Кумтөр» тууралуу сөз көп болду. Сууларыбыз ууланды. Ал үчүн эч ким жоопко тартылган жок. Ар кандай кызыктар болду. Анын баарына убакты келгенде саясий баасы берилет. Биз бербесек эл берет. Эл берди го, качты го. Бирок быйылтан баштап «Кумтөр» салык төлөй баштайт. Бул бюджетибизге жакшы киреше берет.

Экинчиден, дивиденддерди ала баштайбыз деп биз катуу позицияда туруп жатабыз. Мына «Центерра» деген жаңы мекеме түзүлдү. Мен андай жүрүштөрдү деле колдобойт элем. Бирок тилекке каршы, кол коюлуп калган. Ошону да парламент менен акылдашып чечебиз, Кудай буюрса. Бул ишти баары бир аягына чыгарабыз.

«Кумтөрдүн» дагы 250 – 300 тонна алтыны бар. Завод иштейт. Мына он жылдын ичинде 207 тонна алтын казып чыгышыптыр. Азыркы баа менен эсептегенде 1 граммы 10 доллар болсо деле, бүгүн 13,5 доллар, ондон эле эсептейли. 2 миллиард доллар. Кыргыз өкмөтүндө - «Кыргызалтында» акциянын 70 пайызы бар болчу. Алганыбыз 100 миллион экен. Ошондо 1 пайыз да чыкпай жатпайбы. 70 пайызы биздики, мамлекеттики. Алганыбыз 0,5 пайыз. Бул эмне, жуткан да, саткан да, элдин кызыкчылыгы тебеленген.

- Саясат менен экономика абдан аралашып кеткен дагы бир маселе бар. Ал экс-президенттин үй-мүлкү, анын айланасындагы кеп-сөздөр. Ага байланыштуу комиссияны жетектеп атканда сизди таң калтырган нерсе болдубу?

- Документтерди окуганда «тооба» деп таң калып атам. Жараткан Кудай, бу кишиге эмне керек эле? Эли менен болуп, мыйзамдарды аткарган жакшынакай киши болсо болбойт беле! Сөзүнө караганда Ажого барабар болчу. Эми ишине караганда, мүмкүн катуу сөз болуп калар, кылмышкер, кылмыштуу системаны өзү курган киши. Акылы ошого жеткен. Акыл, күч-кубатын ошого жумшаган. Өз элин тоноп, сызга отургузуп, бул кандай максат менен жасалганын мен билбейм.

Мен айтат элем, коррупция 7-кабатка жеткен эмес, коррупция ушундан башталган. Ушу тынч кабинеттерде схемаларды чийип, укуктук негиздерди жасап министрлерге берип, министрден – губернаторго, губернатордон – акимге, акимден көчөдө турган МАИчиге чейин жеткиришкен, ким канча чогултуш керек, кимге канча бериш керек. Ошондой болгон. Мен бүгүн буга терең ишенем, материалдарды окугандан кийин ынандым.

Экс-президент дедиңиз. Мен ага кошула албайм. Себеп дегенде, экс-президент деген бул ардактуу наам. Андай болуш үчүн жазган арызын Жогорку Кеңеш алдында окушу керек. Экинчиден, Жогорку Кеңеш арызды кабыл алып, бул киши экс-президент болду деш керек. Менин билишимде, чечим кабыл алып атканда мен деле отурдум го, «принять к сведению» деп жазышты, «көңүлгө алдык, уктук, эске алып койдук, ошондой арыз бар экен» дегенди түшүндүрөт го. Бул жерде «карадык, ал боюнча чечим чыгардык, кабыл алдык» деген маселе жок. Бүгүнкү күнгө чейин бул экс-президент эмес, качкан президент.

Качкан президенттин кандай жумуштарды жасаганын көрүп атабыз. Жер маселеси болобу, мүлк маселеси болобу, акча маселеси болобу, мурунку иштеп аткан бизнес болобу, анын ичине кирип туруп жулуп тартып алганды, билбейм, бул бүт баары биригип келген кылмыштуу топ. Мына айтып атат, «күйөө баламын жасаганын билбейм» деп. Кантип билбесин?

Канттагы цемент-шифер заводу, соода үйлөрүн койгон, заводдон чыккан товарды басып алган, баасын үч эсе, төрт эсе көтөрүп элге саткан. Бул эмне деген? Заводко күйөө бала 5 миллион доллар төлөдү. Бирок чөнтөгүнөн акча чыгарган жок. Биздин мамлекеттин баалуу кагаздарын алып биздин мамлекетке төлөп койду. Анан кийин, эки жылдан кийин 20 миллионго сатты. Биз айтып атабыз, макул, болору болду, бирок алган кирешеден 15 миллион доллардан салык төлөбөйбү жок дегенде.

Же болбосо Кайыңды кант заводу. Канча миң кыргызым кызылчасын тапшыра албай ыйлап чыңырып жүрүштү ушунча жыл. Бул заводду 1 миллион долларга сатып алган. Акчаны заводдун кассасынан алган. Чөнтөгүнөн эч нерсе чыгарган жок. 5 – 6 жыл ичинде 8 миллион долларды сыгып алышкан. Качышты. Биздин комиссиянын милдети - бул коррупция, бул кылмыш тобу канчалык терең, канчалык чоң, деңгээли канчалык өсүп кеткенин баалап, саясий баа бериш.

Жаңы бийликке дагы кандай адамдар келет, бизден кийин кимдер келет, ошолорго, элибизге сабак болушу керек. Себеби биз унчукпай, «лаппай» деп ал келатканда таманыбыз үзүлгөнчө чуркап, сизден башка эч ким жок деп келишибиз эмнеге алып келгени баарыбызга сабак болушу керек.

- Данияр мырза, Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупцияланган өлкө болчу. Эми аны толук жойбосо да, тизгинин тартып коюу, сырттан инвестициянын келиши, ири четэл инвестициясынын келиши, сиздин оюңузча, эми жанданабы?

- Инвестиция деле болгон жок.

- Кумтөрчү?

- Жок, бул деле мамлекеттин карызы. 2 миллиард доллар карыз, муну качан жоебуз, неберлерге чейин калтырып кетти. Инвестиция – карыз эмес. Сырттан инвестор келип өз акчасын иштетип андан пайда көрүп, өзүнө да, бизге да пайда келтирсе ошону инвестиция дейт. Мен айтат элем, карыздан башка эч нерсе илген жок. Ошол эле «Кумтөр» карыз, энергетикага кеткен, аэропортко кеткен, жолго кеткен – Швейцариядан алган, Япониядан алган – бүт баары карыз. Биз бүгүн айтып атабыз, биз карыз албайбыз, инвестиция алып келебиз. Ошол инвестициянын пайдасын көрүп качкан президенттен калган карызды жабалы деп жатабыз. Программада ушуну көрсөттүк. Эмне үчүн инвестиция келген эмес – коорупция.

Мына К.Бакиев Москвада болуп келди. «Орус аллюминийи» жетекчиси О.Дерипаска менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Алар «Камбарата 1», Камбарата 2» ГЭСтерин сурап атышат. Аны бүтүрүп жанына аллюминий заводун курушат. Аллюминий заводу 6-7 миллиард килоВат электрэнергиясын алып турат экен. Аллюминийдин баасынын 99 пайызы - бул электр энергиясынын баасы. 1 пайыз эле чийки зат. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Инвестиция долбоорунун наркы болжол менен 2 миллиард доллар болууда. Биздин тышкы карыздарыбыздын көлөмү.

Мына «Чакан ГЭС» келишимине тендерди убактылуу токтотуп койдук. Биз келишим кылып быякка инвестор тартсак дүйнөгө белгилүү компанияларды алып келишибиз керек да. Себеп, булар ачык компаниялар. Канча акча алып келет, канчасын коротот – бүт баарын ачык жасашат.

- Ырахмат маегиңизге!
XS
SM
MD
LG