Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШ ӨЗ ИШИН УЛАДЫ


12-майда Конституциялык кеңешме үчүнчү отурумун өткөрдү. Кеңештин айрым мүчөлөрү Баш мыйзамга кош атуулдук киргизүүнү сунуш кылышты. Ал эми Медеткан Шеримкулов болсо Конституциядагы президент болуп шайланыш үчүн Кыргызстанда кеминде 15 жыл жашаш керек деген жобону алып салуу керек деди. Коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков болсо Конституциялык кеңешти айрымдар жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатат деген оюн айтты.

Конституциялык кеңешменин кезектеги отурумуна анын 63 мүчөсү катышты. Буга чейин жумушчу топ төрт жолу жолугушуп, Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунуштарын талкуулаган. Жумушчу топтун катчысы “Интер билим” борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева учурда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан, коомдук жана бейөкмөт уюмдардан, жеке атуулдардан Баш мыйзамга сунуштар түшүп жаткандыгын айтты.

Конституциялык кеңештин айрым мүчөлөрү Баш мыйзамга кош атуулдук киргизүү тууралуу сунушка каршы пикирлерин билдиришти.

Ал эми Конституциялык кеңешменин ишинде мүчүлүштүктөр көп экенине коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдыразаков минтип токтолду:

- Биз үчүнчү жолу чогулуп атабыз, мында ар кандай пикир болуп атат. Эң негзгиси бизде концептуалдык көз караш жоктой сезилүүдө. Ачыгын айтканда, ар ким эле өзүнүн билген нерселерин сунуш кылып, ар ким өз кызыкчылыгын көздөөдө. Айрымдары Конституцияны өтө терең өзгөртпөй эле кээ бир жерин эле өзгөртүп коёлук деген пикирде. Мында бийлик бутагындагылардын өздөрүнүн кызыкчылыгы болуп атат. Менин оюмча жарандык коомду, окумуштууларды, элди кеңири тартып, алар менен чогуу даярдап, аткаруу бийлигине мына ушундай система менен иштейсиңер, деп берип койсок болот эле. Эми мындан ары кеңешменин иши кандай болот ал жөнүндө так айтып бере турган менде ишенич жок.

Ал эми Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Конституциялык кеңешменин түзүлгөндүгүнө бир ай толбосо да бир катар иштер жасалганын белгиледи:

-Конституциялык кеңештин уюшулганына бир ай боло элек. Бүгүнкү учурда менин оюмча жетиштүү эле иштер болуп атат. Анткени сунуштардын баардыгын эл бериш керек. Аны жумушчу топ тыкат тактап, иштейт. Анткени айрым сунуштар турмушта керек болгону менен аны Конституция аркылуу эмес, мыйзам аркылуу ишке ашыруу зарыл. Ошондуктан азыр Конституциялык кеңешмеге же жумушчу топко кандайдыр бир күнөө коюп, аз иштеп жатат дегенге негиз жок.

Чолпон Баекова мындан сырткары 10-июлдагы президенттик шайлоого чейин Конституциянын модели даярдалып, Жогорку Кеңешке сунушталышына күмөн санаарын жашырган жок:

-Мурдагы жумушчу топтордун, Конституциялык комиссиянын тажрыйбаларын эске алып, мен ойлоп атам 10-июлга чейин Баш мыйзамдын баардык туш тарабы таразага салынып, тескелип, толук жазылат деп айтуу мүмкүн эмес. Анткени элдин пикирин да угушубуз керек. Бирок концептуалдык позициялардын баары аныкталат го деп үмүттөнүп атам.

Экс-спикер Медеткан Шеримкулов Баш мыйзамдын 46-беренесинин 3-бөлүгүндөгү президенттин тышкы саясатты башкаруу милдетин карап чыгууну жана өзгөртүүнү сунуштады. Анын пикиринде, тышкы саясат өкмөттүн аткаруу функциясына кириши керек.

Ал ошондой эле төрага Өмүрбек Текебаевден Шайлоо кодексиндеги элчилер тууралуу беренени парламенттин отурумунда кайра карап чыгуу маселесин койду:

-Кыргыз ыңкылабынын кабарчылары парламенттик шайлоого катыштырбай койгон элчилер болгондугу тууралуу баардыгыңыздардын эсиңерде. Азыр дагы ошол каталыкты кайталап жатасыздар. Ошондуктан Өмүрбек Чиркешович, эртеңки парламенттин отурумунда ушул маселени карап, биздин элчилерге да баардык шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бериңиздер. Мен дагы президенттикке талапкерлигимди койууга камданып атам. Ал эми жогорудагы маселе мага тоскоол болууда.

Конституциялык кеңешме кызуу талкуудан кийин отурумда айтылган сунуштарды жумушчу топ 21-майга чейин кылдат иштеп чыгып, Баш мыйзамдын долбоорун Конституциялык кеңештин мүчөлөрүнө сунуштай турган бир чечимге келишти. 25-майда ал долбоор аталган кеңеште талкууланат.
XS
SM
MD
LG