Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

ЭЛДИН МИЛЛИОНДОГОН АКЧАСЫН КИМ КАРАКТАГАНЫ БЕЛГИСИЗ


12-майда Жогорку Кеңеш жыйынын улантты. Бирок мурда кабарлангандай Жогорку сот төрагасынын кызматтан кетүү арызы каралбай, Улуттук банктын Жалалабад облусундагы бөлүмүнөн 24-мартта миллиондогон акчанын кантип уурдалганы тууралуу маалымат угулду.

Парламент Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кетүү арызын кайра кайтарып алгандыгына байланыштуу анын арызын кароого кайрылган жок. Бирок Жогорку сот имаратын 22-апрелден бери ээлеп алган атуулдар парламенттин алдында пикет өткөрүшүп, Жогорку соттун толук тутуму менен кетүүсүн талап кылып турушту. Алардын талабын аткаруу мүмкүн эмес экендигин спикер Өмүрбек Текебаев мындайча түшүндүрдү:

- Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов 10-майда кайра арыз жазып, мурдагы кызматтан кетүү арызын артка кайтарып алды. Арыз болбогондон кийин маселе май айындагы маселелердин күн тартибине кирген жок.

Парламент май айында карала турган маселелердин күн тартибин бекиткенден кийин учурдагы маанилүү окуялардын бири - 24-март күнү Улуттук банктын Жалалалабад облустук бөлүмүнөн уурдалган миллиондогон акчанын учугун табууга аракеттенишип, Улуттук банк төрагасы Улан Сарбановдун маалыматын угушту. Анын айтымында, 23-мартта банктын Жалалабад облустук бөлүмүндө 126 миллион 331 миң 697 сом жана 4 миң 713 сомдук нумизматкикалык баалуу буюмдар, анын ичинде 8 алтын, 61 күмүш тыйын жана 124 нумизматикалык баалуу буюм болгон. 24-мартта түштөн кийин өздөрүн элдик кошундун өкүлүбүз деп атаган белгисиз адамдар акча катылган жайды газ ширеткич менен ачып, акчаны белгисиз жайга алып кетишкен.

Улан Сарбановдун айтымында, окуя тууралуу президенттик администрация жетекчисинин ал кездеги биринчи орун басары Болот Жанузаковго, ыңкылаптан кийин Координациялык кеңештин өкүлдөрүнө билдирилген. Жаңы бийлик жетекчилерине болсо 26-марттын түнүндө оозеки жана жазуу жүзүндө кабарлап, атайын комиссия Жалалабадга 29-мартта барган. Комиссия тергөө тобу менен бирге 31-мартта акча сакталчу жайды текшергенде, ал жерден 39 миллион 570 миң сом жана 4 миң 713 сомдук нумизматикалык буюм табылган.

Улуттук банк төрагасы Улан Сарбановдун айтымында, элдик кошундун өкүлдөрү коопсуздук үчүн башка жакка алып кеткен калган акча 2-апрелде алынды:

- Бөлүмдөн ташылып кеткен акча тергөө тобунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен 2-апрелде Жалалабад облустук ички иштер башкармалыгынан алынды. Акчаны санаганда анын суммасы 64 миллион 60 миң 727 сомду түзгөн. Натыйжада, облустук бөлүмгө кайтарылган акчанын жалпы көлөмү 103 миллион 561 миң 697 сом болгон. Азыр 22 миллион 740 миң сомдун дареги дайынсыз. Ал боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат .

Улан Сарбановдун мындай маалыматын уккан депутаттар дароо акчанын уурдалышына Улуттук банктын жетекчилигинин жоопкерчиликсиздиги жол берди деп баа беришти. Ушундай пикирдеги депутаттын бири Камчыбек Ташиевдин айтымында, Жалалабадда кырдаал 20-марттан баштап курчуп, 22-мартта бийлик элдин колуна өткөн. Бирок Улуттук банктын жетекчилиги ал жердеги акчаны алып кетүү чарасын көргөн эмес:

-Себеби дегенде 20-мартта шаардык ички иштер бөлүмү талкаланган. Ушундай окуя болгондон кийин Улуттук банк накталай акчаны калтырбай алып чыгып кетиши зарыл болчу. Булар болсо андай чара көргөн жок.

Ал эми маселени иликтөө үчүн Жалалабадга барып келген депутат Алиярбек Абжалиев акчаны алып кеткен адамдарды жүздөгөн башка адамдар көргөндүгүн билдирип, аларды тергөөгө Улуттук коопсуздук кызматы кийлигиши жана акчаны алып кеткен адамдарды тергөөгө тартышы зарыл экендигин белгиледи:

- Тергөөчүлөр менен тергөө тобу эмне үчүн иштин аягына чыкпай жатат ? Анын башкы себеби, акчаны алып кеткен адамдарды тергөөгө тарта албай жаткандыгында. Эгер Жалалабадда тергөөгө тарта алышпаса, аларды Бишкекке алып келип караш керек. Алардын баары эле көчөдө жүрүшөт. Ошон үчүн Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги кийлигишип туруп, алып келиш керек. Алып келе турган болсо алар такылдап эле айтып беришет. Анткени, ким, эмне үчүн алганы жана каякка алып барганы баарыга дайын.

Ушундан улам парламент окуяны иликтеп кароого даярдоону мыйзамдуулук, тартип коргоо, коопсуздук маселелери жана бюджет маселеси боюнча иш алып барган эки комитетке тапшырды. Маселе 20-майга чейин каралып, анда акчанын уурдалышын иликтеп жаткан бардык тармактардын өкүлдөрү маалымат бере турган болду.

XS
SM
MD
LG