Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

7 атуул Башкы прокуратуранын алдына нааразылык акциясына чыгышты


Чүй облусунун Москва районунун сегиз тургуну Башкы прокуратурага нааразылык билдирген даттануу менен «Азаттыкка» кайрылды. Алардын бири Темирова Күлбайранын билдиргенине караганда, Башкы прокуратура булардын нааразылык чара өткөрүүсүнө тоскоолдук кылып, укуктарына доо кетиришти. Башкы прокуратуранын сунушу боюнча аларды Биринчи май райондук милициясы кармап, райондук сот административдик тартипте карап, кечке жуук актап, бошотушкан. Бул жарандар эки жылдан бери бардык күч структуралары, сот бийлиги аркылуу өз укуктарын коргой албай, жабырланып келаткандар катары санашат. Ал эми Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиевдин билдиргенине караганда, бул жарандардын арыздарына байланышкан иштер териштирилип бүтө элек, иликтөө жүрүп жатат. Ошого карабастан, Башкы прокуратуранын ишине тсокоолдук кылгандыктан, бул мекеме тартипсиздик боюнча биринчи май райондук милицияга кайрылууга аргасыз болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG