Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Сокулуктуктар жер берүүгө каршы


БИШКЕК. Турак үй куруу үчүн жер аянтына муктаж атуулдардын айрым бөлүгү жер алуу укугун кепилдеген чечимдерди алышты. Ушул негизде жер бөлүп берүүгө жасаган шаар бийлигинин аракетине Сокулук районунун жашоочулары каршы болушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев билдирди. Жергиликтүү тургундар 11-майда Бишкек шаар мэри Аскар Салымбеков менен жолугушуп, анда адегенде жерге муктаж адамдардын санын тактоону, жерди ар бир адамга бөлүп берүүнүн ордуна көп кабаттуу үй курууну, жерге муктаж адамдардын маселесин жер-жерлерде чечүүнү талап кылышты. Ал эми «Эл журту» ассоциациясынын төрагасы Шабдрай Зергер Бишкектин тегерегинде бош жаткан жерлерди муктаж адамдарга бөлүп берүү зарыл деп эсептеди. Кыргыз өкмөтү өткөн аптада кабыл алган токтом боюнча жер участогу Бишкекте үч жыл иштеген адамга берилет жана бөлүнгөн жерди ал беш жылга чейин сатууга укугу жок.

XS
SM
MD
LG