Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Саддам Хусейндин күрдүлөргө каршы өнөктүгүн чагылдырган ирактык фильм Канн фестивалында кароого коюлду


Бул - 58 жыл мурда негизделген фестивалдын тарыхында ирактык көркөм тасманын биринчи жолу көрсөтүлүшү. Ирактык күрд Хинер Салемдин "Нөлүнчү километр" деп аталган фильминде Ако деген жигит 1988-жылы Саддамдын армиясына чакырылат. Ал өлкөдөн качып кетүүнү ойлойт, бирок өмүрлүк жары Селма өлүм алдында жаткан атасын таштап кете албай, жубайлар Иракта калып калышат.

"Нөлүнчү километр" - Франциянын түштүгүндө өтүп жаткан фестивалда сынакка коюлган 21 фильмдин бири. Шаршембиде ачылган кароонун жеңүүчүлөрү 22-майда белгилүү болот.

Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады

XS
SM
MD
LG