Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Ооганстандын президенти быйыл апийим өстүрүү 30 пайызга азаят деп ишендирди


Бүгүн Брюсселде Европа Комиссиясынын президенти Хозе Мануэл Барросо менен жолукканда Хамид Карзай апийим өндүрүшү азайып жатат деп ырастады. Ооганстан мыйзамсыз наркозаттардын дүйнөдөгү эң башкы булагы болуп саналат. Барросо өз кезегинде оогандык дыйкандарды апийим өстүрүүдөн баш тарттыруу максатын көздөгөн айыл-чарба долбоорлорун Евросоюз каржылай берет деп ишендирди.

Барросонун сөзү боюнча Евросоюз Ооганстандагы бийлик структураларын бекемдөөгө беш миллион евро бөлүп, сентябрдагы парламенттик шайлоону өткөрүүгө кол кабыш көрсөтөт. Евросоюз бүгүн Ооганстанга 340 миллион евро бөлгөндүгүн жарыялады. Бул - убада кылынган жардамдын акыркы бөлүгү.

XS
SM
MD
LG