Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Назарбаевдин жардамчысы оппозиция куугунтукталган жок деп эсептейт


Казак президентинин кеңешчиси Карим Массимов өкмөт демократиялык реформаларды ишке ашырып жатат деп ырастады. Кечээ Массимов эл аралык байкоочуларды президенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө да чакырды:

- Назарбаевдин эл арасындагы кадыр-баркы өтө жогору, ошондуктан шайлоону ачык жана акыйкат өткөрүү анын кызыкчылыгына төп келет. Бирок айрым учурда шайлоо ачык же акыйкат болгон жок деп доомат кою жеңил экен.

Массимов Вашингтондо дипломаттар жана мунай эксперттери менен жолугушууда сүйлөдү. Ал "казак өкмөтү президенттик шайлоону 2006-жылдын декабрынан создуктурбайт, бирок оппозиция күчтөрү шайлоону быйыл декабрда өткөрүүгө катуу кысым көрсөтүп жатышат" деп айтты. Айрым оппозиция өкүлдөрү тескерисинче, алар шайлоону план боюнча, келерки жылдын этегинде өткөрүүнү талап кылып жатышканын айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG