Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Ооганстанда Куранды мазактаган деген айың кептен чыккан тополоңдо дагы үч кишинин өмүрү кыйылды


Хогйяни ооданынын администрация башчысы Малик Мохаммад Омар «Азаттыкка» билдиргендей, демонстранттар менен полициянын ортосунда ок атылып, эки киши окко учкан жана бирөө жараат алган. Ооганстандын Вардак провинциясында да ушул сыяктуу тополоңдо бир киши каза тапты. Жалалабатта кечээ ушундай эле тополоңдо төрт киши набыт болуп, 70тен ашыгы жараат алган эле. Демонстранттар бүгүн Кабулда да көчөгө чыгышты.

Ооганстанда элдин козголошуна түрткү болгон кабарды америкалык Ньюсуик журналы таратып, Кубадагы Гуантанамо Бей түрмөсүндө америкалык тергөөчүлөр Куран китебин мазактаган деп жазган эле. АКШнын өкмөттүк өкүлдөрү бул чын болсо, ага жол бергендер жазаланат деп айтышууда.

XS
SM
MD
LG