Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

ООГАНСТАНДА ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР УЛАНУУДА


Ооганстанда 3 күндөн бери уланып жаткан демонстрациялар бейшембиде дагы 3 кишинин өлүмүнө алып келди. Мурунку күнү Жалалабад шаарында полициянын огунан 4 киши өлүмгө учурап, ондогон кишилер жараат алышкан. АКШнын Кубадагы аскердик абагында тергөөчүлөр ыйык Куранды мазактады деген маалыматтан улам башталган нааразылык акциялары Кабулда уланып, жүздөгөн студенттер көчөгө чыгышты.

АКШны айыптаган демонстрациялардын чордону Ооганстандын чыгыш тарабындагы Нангахар провинциянын борбору Жалалабад шаарында орун алды. Бейшембиде ызы-чуулуу окуялар ушул провинциянын Хогияни районунда уланды. Райондун жетекчиси Малик Мохаммад Омар «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Көчөгө чыккан эл менен полиция ок атыша кетип, эки демонстрант курман болуп, дагы бирөө жараат алды.


Ооганстандын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү бул күнү Вардак провинциясында да ушундай жагдайда бир киши мерт болгонун маалымдады.

Чатактын баары жакында АКШдагы «Ньюсуик» журналы – Кубадагы Гуантанамо базасындагы аскердик абакта америкалык тергөөчүлөр ооган туткундарынын күнөөсүн мойнуна алдырыш үчүн Куран китептерин дааратканаларга жайгаштырып, мазактап жатканын жазып чыккандан кийин ырбады. Андагы маалыматтар адегенде Кабулда жайылып, ал жерде башталган нааразылык акциялары кийин Лахман, Хост, Нангахар, Кандагар провинцияларына жайылды.

Ооганстанда ошентип, АКШны айыптаган демонстрациялар баш аягы он чакты провинцияда өтүп жатат, алардын көбү тынч тараганы менен, Жалалабад шаарында жана ага жакын райондо минтип, эки күн ичинде 7 кишинин өмүрү жайран болду.

Кошмо Штаттардын ырасмий өкүлдөрү Гуантанамодогу туткундардын диний сезимдерин кордоо фактылары орун алганын моюнга алып, күнөөлүү адамдар сөзсүз жазаланат деп жарыялашты.

«Америкага өлүм!» деген жана башка АКШга каршы ураандарды кыйкырып көчө жаңырткан жөө жүрүшкө бейшембиде Кабулда жүздөгөн студенттер катышты. Алардын бири, Кабер Ахмад Вашингтон кечирим сурашын талап кылып жатышканын айтат:

- Биз Ооганстандын президенти Хамид Карзай АКШнын президенти Жорж Бушка бүткүл мусулман дүйнөсүнөн кечирим суроону талап кылып кайрылсын деп үндөп жатабыз. Ыйык куранды кордогон мындай окуялар менен биз, мусулмандар эч убакта келише албайбыз.

Кабулда жаштар тынч тараганы менен, шаршембиде Жалалабадда студенттер имараттарга таш жаадырып, жолдогу машинелерди коңторуп таштап, өкмөттүк мекемелерге өрт коюшкан. Албууттанган демонстранттар Улуттар уюмунун жана башка чет элдик уюмдардын жергиликтүү өкүлчүлүктөрүн көздөй атырылганда, полиция ок ачууга аргасыз болуп, төрт киши мүрт кетип, 70тей адам жараат алды.

Ооганстандык жазуучу Исмаил Йоон Жалалабаддагы катаал акциялардын артында өлкөгө чагым салгысы келген күчтөр турат деп эсептейт:

- Эң ири демонстрациялар Жалалабадда орун алды. Бул калкынын саны көп, эли абдан динчил чөлкөм. Ошентсе да, бул акциялардын артында Ооганстандагы кырдаалга чагым салгысы келген күчтөр турганы талашсыз. Өкмөт да аларга каршы күч колдонуп чоң ката кетирди. Ушунун баары кырдаалды ого бетер курчутуп жиберди.


Кабулдук саясат таануучу Вахид Мождех Ооганстанда чынында жергиликтүү эл менен АКШлык аскерлер жетектеген коалициялык күчтөр ортосундагы тирешүү мурдатан келаткан көрүнүш экенин, Курандын тегерегиндеги жаңжал тек гана чатакты ырбатып жибергенин айтат.

АКШнын Кабулдагы элчилиги соңку окуяларга байланыштуу терең өкүнүчүн билдирип, курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG