Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

БИР АЙДАН КИЙИН ИРАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТӨТ


Нарын АЙЫП, Прага 17-июнда Иранда кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлөт жана талапкерлерди каттоо 10-майда гана башталганына карабай, эки күндүн ичинде жүздөн ашык адам президенттикке көрсөтүлдү. Алардын арасында - өлкөнүн президенти болуп мурда эки мөөнөт иштеген Али Акбар Хашеми-Рафсанжани да бар.

Ирандын мыйзамдары боюнча, ким кааласа, ошол өз талапкерлигин президенттикке көрсөтүүгө укуктуу жана Ички иштер министрлиги тарабынан катталыш үчүн талапкер сөзсүз эле өзү келбестен, адвокат жиберсе да болот. Анткен менен катталган талапкерлердин чындап эле шайлоого катышууга арзый турганын башка уюм - Көзөмөл кеңеши чечет. Бул уюм өлкө мыйзамдары менен конституциясынын так аткарылышын жана алардын диний тартипке каршы келбешин көзөмөлдөйт.

2001-жылдын май айында өткөрүлгөн акыркы президенттик шайлоого 814 адам талапкер болуп катталган, бирок Көзөмөл кеңеши алардын онун гана шайлоого катыштырган. Акыркы парламенттик шайлоо алдында болсо Көзөмөл кеңеши эки миңге жакын адамды шайлоого өткөрбөй койгон жана алардын арасында көптөгөн реформачыл жана оппозициялык саясатчылар бар болчу.

Иран мыйзамдары боюнча президенттик шайлоого аялдар талапкер болуп катыша албайт, бирок 10-майдан бери сегиз аял өз документтерин Ички иштер министрлигине берди. Арыздар 14-майга чейин кабыл алынат, андан соң талапкерлердин кагаздарын Көзөмөл кеңеши карап чыгып, 25-май күнү шайлоого катыша тургандардын тизмесин жарыялоого тийиш.

Азыркы президент Мохамад Хатаминин экинчи мөөнөтү аяктап жаткандыктан, ал шайлоого катыша албайт, бирок анын алдында 1989-жылдан 1997-жылга чейин президент болуп, эки мөөнөт иштеген Али Акбар Хашеми-Рафсанжани 10-май күнү президенттикке өз талапкерлигин кое турганы жөнүндө билдирди. Буга чейин Рафсанжани шайлоого катышаары арсар экенин бир нече жолу айткан жана кээ бир байкоочулардын пикиринде, маселе - Ирандын руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеинин деңгээлинде талкууланган жана Хаменеи Рафсанжаниге батасын берди.

Эксперттердин айтымында, Рафсанжаниге чыныгы атаандаш боло ала турган саясатчы талапкерлер арасында азырынча жок. Рафсанжани 1980-1988-жылдарда болгон Иран-Ирак согушунун акыркы жылында иран аскеринин башчысынын милдетин аткарган, кийин 89-жылы президент болуп шайланганда, өлкө экономикасын жана саясатын либералдаштыруу боюнча бир топ орчундуу чечим кабыл алган. Анткен менен кээ бир саясатчылар жана укук коргоочулар - анын президенттиги учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун жана кээ бир оппозициялык саясатчылар өлтүрүлүп кеткенин дагы такай эске салып келет.

Учурдагы президент Хатами шайлоонун ачык жана адилет өтүшү үчүн өкмөт бардык мүмкүн болгон чара көрө турганын Тегеранда 10-майда өткөн жыйында билдирди:

- Кудай кааласа, Исламдык революция көрсөткөн жолдон өкмөт тайбай, шайлоону эркин жана атаандаштык негизде өткөрүүгө тийиш. Шайлоочулар дагы добуш берүүгө жигердүү катышат деп ойлойм жана жаңы президент Ирандын намысын, улуулугун, өнүгүүсүн тийиштүү деңгээлде коргой алат деп ишенем.

Өлкөдө добуш берүүгө укуктуу 48 миллион адам бар жана Ички иштер министрлиги өткөргөн акыркы сурамжылоолордун жыйынтыктарына караганда, алардын кырк экиден элүү бирге чейин пайызы шайлоого катышууга даярданууда. 2001-жылы шайлоочулардын 63 пайызы добуш берген.
XS
SM
MD
LG