Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

А.АКАЕВДИН ПОРТРЕТИНЕ СҮРТҮМДӨР, ШАЙЛОО КАМЫЛГАСЫ


Элдик ыңкылаптын сүрүнөн чочулап, кызматын таштап кеткен А.Акаевдин кимдиги, кандайлыгы, ал түзгөн режим ушу тапта кыргыз басылмаларында кызуу талкууга алынууда. Антишке биралдын А.Акаевдин үй-бүлөсү, жек-жааттары менен чогулткан өлүү дүйнөсүнүн бир четтен чубалып чыга башташы да себеп болду көрүнөт. Кыргыз басылмаларында президент шайлоого талапкерлер тууралуу пикирлер да арбын жарыяланууда.

Жума күнкү «Кыргыз туусу» гезити айтылуу илимпоз Салижан Жигитов менен маекти жарыялоодо. Алдыдагы президенттик шайлоодо кимдин мөрөйү үстөм болорун айта коем деп «тепкиде кала жаздадым» дейт ал.

С.Жигитовдун ырасташынча, «биздин революция ара төрөлгөн революция болуп калды. Анткени чындыгында элдик төңкөрүш жүзөгө ашырылган болсо революциянын хрестоматиялык чаралары, анын прерогативасындагы нерселер колдонулган жок. Эгерде колдонулса Конституциянын аракеттери бир нече айга токтотулуп, төңкөрүштүк кырдаалды түзүүгө себепкер болгон жаңы парламент ошол замат таркатылып, мурдагы президент Аскар Акаев чыккынчы, жексур катарында жарыяланып, мүлктөрү, эсептери ошол замат арестке алынуусу, жаңы бийликке каршылык көрсөткөндөргө карата чечкиндүү чаралар көрүлүүсү керек эле».

С.Жигитов кызматын таштай качкан А.Акаев «байлыкка аралашкандан кийин жармач үй-бүлөдөн чыккан неме «кедейдин өзү тойсо да көзү тойбойт» дегендей алкын токтото албаган ачкөзгө айланып кетти» дейт.

Гезиттин жаңы санында А.Акаевдин үй-бүлөсүнө жакын адам кантип Талас мамлекеттик университетине жетекчи болуп дайындалып, окуу жайын оор акыбалга жеткиргенин баяндаган материалга да орун берген.

15 жылда жасабаганды 15 күндө жасап жиберүү мүмкүн эместиги президенттик акимчилик башчысы Үсөн Сыдыковдун жума күнкү «Аалам» гезитиндеги маегинде баяндалган. Басылмада А.Акаевдин кансарайлары тууралу сүрөт баян, ким президент болушу ыктымал темасындагы сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланган.

Режим өзгөрдү, адамдар өзгөрдүбү? «Кыргыз руху» гезитинин автору Т.Бешкемпировдун ырасташынча, адамдар өзгөргөн жок. Мурда А.Акаевди жерге-сууга тийгизбей көкөлөтүп мактап келатышкан аткаминерлердин көбү ушу тапта жаңы бийликти жандай чаап жүрүшөт. А.Акаевдин сүрөтүн төрдүн төбөсүнө илип алган айрым университеттердин жетекчилери азыркы жаңы бийликтин этегине илешип, жаңы демилге көтөрүшүүдө.

Коммунист Ы.Ыбышев гезиттин жума күнкү санында жарыяланган макаласында болуп өткөн революция «жумушсуз калктын ишенимине таянып азчылыктын, таарынган табакташтардын бийликти жеңип алышы болду» деген оюн алдыга жаят. Автордун ырасташынча, революция коммунизм үчүн гана жасалышы керек экен.

Кыргызстандын Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу бүтүрүүчүлөрдүн кечесин кымбатбаа кафе, ресторандарда өткөрүүгө тыюу салынганын жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде жарыяланган маегинде ырастайт. Министрдин айтымында, ушу тапта мектептерде окуу китептери жетишпейт. Аны толук өлчөмдө чыгарууга өкмөттүн чама-чаркы чак.

Эгемендик тушунда өнөр жайлуу Токмок шаары кантип тонолгону тууралуу Өмүрбек Караев кеп салат. Анын маеги «Бишкек таймстын» жума күнкү санында жарыяланган. Автордун айтымында, Токмоктогу эт комбинаты талкаланып, жок болгондон 10 жыл өткөндөн кийин «чоң жыйында түшүнөн чочугансып А.Акаев айтып жатпайбы, жанагы Токмоктогу эт комбинатын эмнеге талкалап таштадыңар деп».

Жума күнкү «МСН» гезитинде саясат таануучу Эрмек Козубеков саясатчылардын сердымагынын айынан калк ичинде кагылыш-сүрүлүш чыгып кетиши оңой эле деген оюн ортого салат. Көпчүлүк күткөн эки саясатчы айры жолго түшкөндөн бери аркыл божомол-додомол кептердин аягы суубай, арбыгандан арбып баратат. Ушул эле тема «Агым» гезитинин жаңы санында да чагылдырылган.
XS
SM
MD
LG