Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

ОРУС ТИЛДҮҮЛӨР ЭМНЕ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДАН КЕТКИСИ КЕЛЕТ?


Март окуясынан кийин Кыргызстандан кетүүнү каалаган орус тилдүү калктын өкүлдөрүнүн саны өстү. Мындай жагдайды кетүүнү каалаган жарандар өздөрү өлкөдө стабилдүүлүктүн жоктугу менен негиздеп жатышат. Ал эми расмий тарап Кыргызстанда орус тилдүү калктын укуктары корголгонун белгилешип, орус тилдүү калктын агымын убактылуу көрүнүш катары баалоодо.

«Славян фондунун» төрагасы Валерий Вишневскийдин билдиргенине караганда, Кыргызстандан кетүүну каалаган орус тилдүүлөрдүн саны 24-марттан кийин мурдагыга караганда, кыйла өстү. Булардын арасында жеке эле орус тилдүүлөр эмес, кыргыз тилдүүлөр да бар. Бирок, алардын саны канча экендиги тууралуу так маалымат жок. Вишневскийдин айтымында:

- Кыйыр гана көрсөткүчтөр бар. Маселен, ошол окуядан кийин орустар сыяктуу эле кыргыздар да Орусиядан жай издей башташты. Анан жарандык алам дегендердин, анан көчмөндүк макам алууну каалоочулардын саны өсүп кетти.

Вишневскийдин пикиринде, март окуясынан кийин орустарга каршы коркутуп-үркүткөн баракчалардын таратылышы, талап-тоноолор калкты кабатырланткан жагдайды түзүп атат. Ал эми кыргыздар менен орустардын ортосунда 90-жылдары пайда болгон турмуш-тиричилик деңгээлиндеги пикир келишпестиктер алда-качан эле жоюлган.
Анткен менен, Кыргызстандан кетүүнү каалагандар дээрлик Кыргызстанда стабилдүүлүк, келечекке ишеним жок деп эсептешет. Маселен, алыскы чет өлкөгө кетүүнү каалаган казак улутундагы кыргызстандык жаран:

- Биринчи себеп, стабилдүүлүк жок, мыйзамсыздык орун алган. Экинчиден, жумуш жок, эртеңкиге ишеним жок. Үчүнчүдөн балам 10 жылдан бери Германияда жашайт. Мен өзүм казакмын, бирок Кыргызстандын жаранымын, ушундай баш аламандык болуп жаткан үчүн мекенимди аяйм.

Чет өлкөдө жашап жаткан Кыргызстандык жаран болсо Орусияга ооп кетип жаткан кыргызстандыктарды түшүнбөй кое албай тургандыгын минтип белгиледи:

- Орусияда келечек бар, ал эми Кыргызстанда келечек жок, ошон үчүн тынчсызданып атышат да алар.

- Кыргызстанда проблема өтө эле көп. Жада калса, башка өлкөнүн атуулу катары маселен, менин укуктарым да сакталбайт, - Кыргызстанда төрөлүп, бирок, кийин украинанын атуулудугун алган 23 жашар жигиттин ою ушундай.

Ал эми Кыргызстандан кеткиси келбеген орус тилдүүлөр кетип жаткандарды туугандарын көздөп кетип жатышат деп санашат. Маселен, Надежа Бабурина:

- Менимче, бардык жерде эле кырдаал бирдей. Биз жок жердин баарында жыргал дегендей эле кеп го. Негизи биз бул жерге көнүп алганбыз. Ишибиз, үй-жайыбыз, тууган-туушкандарыбыз ушул жерде. Кеткендердин көбү – ал жакта туугандары барлар.

- Бардык жерде адепсиздер бар да. Биздин мекенибиз ушул. Кайда барабыз? - дейт Владимир Яковлевич.

Анткен менен Славян фондунун маалыматына караганда, кыргызстандык жарандардын чет өлкөгө кетүү агымы 2002-жылдан баштап кайрадан көтөрүлө баштады. Вишневский мунун көп себептери бар деп санап, анын кесепеттеринин бири катары лингвистикалык комиссияны атады. Бул жеке эле орустардын эмес, кыргыздардын да аброюна шек келтирет, дейт ал.

Ошол эле мезгилде жергиликтүү айрым саясатчылар орус тилдүү калктын Орусия же башка мамлекеттерге кетүү аракеттерине саясий боек сүртүүгө негиз жок дешет. Анткени, кээ бир мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда орус тили кыргыз тили сыяктуу эле расмий статуска ээ, бул өлкөдө бардык улуттардын укуктары бирдей сакталган. Ал эми Жогорку Кеңештин миграция боюнча комиссиясынын төрагасы Кубанычбек Исабеков Кыргызстандагы миграция маселесинин көтөрүлүшүнүн башкы себептеринин бири катары жарандардын иш менен толук камсыздалбай жатышын белгилейт.

Статистикалык маалымат боюнча Кыргызстандагы орус тилдүүлөр жалпы калктын 12,5 пайызын түзөт. Болжолдуу маалыматтарга караганда учурда өлкөдө орус тилдүү 500 миң адам жашайт, алардын саны эгемендүүлүккө чейин 980 миңден ашык болчу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG