Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

ТЕМИР ЖОЛЧУЛАРДЫН НАРААЗЫЛЫГЫ УЛАНУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек 13-майда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында темир жол башкармалыгынын 12 кызматкери ачкачылык акциясын улантты. Ушул эле күнү башкармалыктын жетекчилиги журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрүп, тармактагы абал жөнүндө маалымат берди.

Ачкачылык акцияда 26-апрелден тарта отурган темир жолчулардын абалы азыр оор. Бирок пикетчилер башкармалыкка кесиби темир жолчу адис дайындалсын унаа жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековду кызматынан кетсин деген талаптары аткарылмайынча, акцияны токтотпой тургандыктарын билдиришүүдө. Бул жөнүндө ачкачылык чарасында отургандардын бири Гүлнара Керимбаева мындай дейт:

Мына менин да, менин жанымда отургандардын да, абалы азыр өтө оор. Бирок, биз койгон талаптарыбыз аткарылмайынча, ачкачылыкты токтотпойбуз. Бизди азыр күнүгө Тулеевдин адамдары келип, видеотасмага тартып кетип атышат. Биз аягына чейин турабыз

Ал эми 9 күндөн бери ачкачылык акцияда отурган Самара Курманалиева болсо, аларды көпчүлүк темир жолчудар колдоп атканын, бирок жумуштарынан айрылып калуу коркунучунан келип кошула албай жактандыктары жөнүндө мындай деди:

- Биздин талаптарды башка да биздин кесиптештер колдошууда. Бирок алар бул жерге келе албай жатышат. Анткени, алар жумуштарынан айрылып калабыз деп коркуп жатышат. Алар жумушсуз калышса, ким алардын бала-чакасын багат?

Ачкачылык акцияда отургандардын ичинен буга чейин 11 адам ооруканага жаткырылды. Алардын айрымдары ооруканадан чыккандан кийин кайрадан акцияга катышууда.

Ал эми темир жол башкармалыгынын башчысы Нариман Тулеев 13-майда «Кабар» маалымат агенттигинде пресс-конференция өткөрүп, пикетчилердин талаптары негизсиз деп билдирди. Ал ошону менен бирге азыр тармакта орун алган коррупцияга каршы иш-чаралар көрүлүп жактандыгы тууралуу айтты:

- Менин бул кызматка келгениме 2 айдай эле болду. Мен келгенде тармакты мурдагы жетекчилер толугу менен менчиктештирүүгө аз эле калган экен. Колхоздой эле бөлүштүрүп алышыптыр. Жүздөгөн эмес, миңдеген адамдар тармактын эсебинен жашап келишкен. Ошол коррупциялашкан адамдардын баары кызматынан кетирилди. Тармактагы 60ка жакын ортомчу фирмалардын баары жоюлду. Мен келгенге чейин, темир жолчулар айлык акысын албай калышкан экен. Азыр баары туруктуу айлык алып калышты. Менин иштериме көпчүлүк кызматкерлер ыраазы болуп жатышат. Жыл аягына чейин мен кызматкерлерди маянасын 70-80 пайызга чейин жогорулатамын.

Бул күнү темир жолчулардын акциясына «Кыргызстан аба жолдору» компаниясынын, «Акжол» жоопкерчилиги чектелген коомунун, Кыргызстандын айдоочуларынын коомдук мекемесинин кызматкерлери да кошулду.

«Акжол» ишканасында иштеген айдоочулардын бири пикетке келгендигинин себебине мындайча токтолот:

- Биз 15 жылдан бери «Акжол» ишканасында иштеп журөбүз. Эми бизди азыр «Кутжол» жоопкерчилиги чектелген коомунда иштейсиңер деп унаа министрлигинен мажбурлоолор болуп жатат. Ал эми «Кутжолдун» төрайымы унаа министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековдун жубайы Светлана Тыныбекова. Булар үй-бүлөлүк бизнеси жөнүндө ойлоп жатышат. Биз бир аптадан бери жумушка чыкпай, «Акжолго» бизди киргизбей жатышат. Ошондуктан, биз да эми ачкачылык акциясына чыгабыз. Биз да азыр Ишенбай Кадырбековдун кызматынан кетишин талап кылып жатабыз.

Ал эми Айдоочулардын коомдук мекемесинин төрагасы Барктабас Дуланов мындай дейт:

- Биз темр жолчулардын талаптарын колдоп, алардын акциясына кошулуп жатабыз. Эң биринчиден, азыр бул адамдардын саламаттыгы абдан оор. Алар 26-апрелден бери ачкачылыкта отурушат. Ачкачылык жарыялаганга адам эң эле айласыз абал түзүлгөндө барууга муктаж болот. Биздин мекеменин кызматкерлери да унаа министрлигине башка адам келип, тармакты башкарышы керек деген пикирдебиз.

«Кыргызстан аба жолдорунун» пикетке келген кызматкерлери да министрдин милдеттерин аткаруучу Ишенбай Кадырбековдун кызматынан кетишин талап кылышууда.

12-майда темир жол башкармалыгындагы абалды иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Анын жетектеген Нурдин Жолдошевдин билдиргенине караганда, бул комиссия 13-майда өз ишин баштады.

Укук коргоо уюмдары ушул күндөрү ачкачылык жарыялаган темир жолчулардын абалына карата тынчсызданууларын билдиришүүдө. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова буга байланыштуу мындай дейт:

- Азыр темир жол башкармалыгынын ишмердүлүгүн текшерүү боюнча комиссия иштей баштаса, Нариман Тулеев кызматынан убактылуу четтетилиши керек. Ошондо ачкачылык кармагандар бул акцияны токтотушу мүмкүн. Антпесе, биз алардын убалына калып калчудай болуп турабыз. Өкмө бул маселеге көңүл бурушу керек.
XS
SM
MD
LG