Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Монголияда оппозициячылар шайлоого нааразы


Президенттик шайлоого бир жума калганда Улан-Батор шаарында бүгүн эки жүздөй киши демонстрацияга чыгып, шайлоо комиссиясын таратууну талап кылышты. Монголия парламенти алдында оппозициячыл партиялардын өкүлдөрү чогулушту. Алар шайлоо комиссиясы жергиликтүү добуш берүүнү көзөмөлдөй турган комиссияларды жалаң Монголиянын элдик революциялык партиясынын мүчөлөрүнөн кураганына нааразылык билдирүүдө. Көз карандысыз сурамжылоолор көргөзгөндөй, президенттикке талапкерлер арасынан дал ушул партиянын жетекчиси Намбарлин Энхбаяр башкалардан алдыда келатат.

XS
SM
MD
LG