Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Анжиянда көтөрүлүшкө чыккан элди таратуу максатында ок атылды


Өзбекстандын Анжиян шаарында борбордук аянтта чогулган миңдеген кишилерди таратыш үчүн ок ачкан коопсуздук күчтөрү кеминде бир кишини набыт кылышты. Өткөн түндөн берки милиция менен кагылышууларда 9 киши курман болуп, 30дан ашуун адам жараат алганын бийликтегилер билдиришкен. Демонстранттар бийликтегилерден исламчыл диний топтун мүчөлөрү деп шектелип, түрмөдө отурган бардык адамдарды бошотууну талап кылышууда. Көтөрүлүшкө чыккан эл басып алган Анжиян облустук акимчилигинин ичиндеги демонстранттардын бири Шарипжон Шакиров «Азаттыкка» өкмөт алардын талаптарына макул болбой жатканын кабарлаган.

-Бизде бир гана талап бар. Алар жалган маалымат боюнча камакта отургандар, «Акрамия» уюмун түзгөн деп айыпталган Акрам Юлдашев да бошотулсун!

Шакировдун айтымында, Өзбекстандын ички иштер министри Закир Алматов алардын талаптарын четке кагып, өлкөдөн чыгып кетип, коңшулаш Кыргызстандагы Ошко барууну сунуш кылган. Өткөн түнү Анжиянда көтөрүлүшкө чыккандар бир нече милиционерди барымтага алып, түрмөнүн жанында атышуулар болгон.

XS
SM
MD
LG