Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:49

СОТ СИСТЕМАСЫНДАГЫ КРИЗИСТЕН КАНТИП ЧЫГУУГА БОЛОТ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстанда сот системасында түзүлгөн кризис уланууда. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон атуулдар соңку бир нече күндөн бери Жогорку соттун имаратын ээлеп алышып, Жогорку сот төрагасынын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Ал эми Жогорку сот төрагасы кызматтан кетүү боюнча арызын кайтарып алды. Баш мыйзамга ылайык Жогорку сот төрагасынын арызысыз мамлекет башчы же Жогорку Кеңеш кызматтан кетирүүгө укугу жок. Сот системасында түзүлгөн мындай абалдан кантип чыгууга болот?

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон №59-Чүй, №26-Токтогул, №6-Асанбай шайлоо округунун шайлоочулары 22-апрелде Жогорку соттун имаратын ээлеп алышкан. Алар Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Ошондой эле Курманбек Осмоновду кызматтан кетирүүнү март ынкылабынан кийин Бишкекте өткөн республикалык жыйындарда жарандык коомдун өкүлдөрү көтөрүшкөн. Андан көп өтпөй Курманбек Осмонов өзүнүн кызматтан кетүү боюнча арызын Жогорку Кеңешке жөнөткөн.

Баш мыйзамдын 81-беренесине ылайык Жогорку соттун судьясы Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ашыгынын макулдугу менен гана кызматтан бошотулат. Жогорку Кеңеш апрель айынын соңунда кворум жоктугуна шылтоолоп Осмоновдун арызын кароону 12-майга жылдырган. Ал эми бул мезгилде Курманбек Осмонов кызматтан кетүү ниетинен айнып, арызын кайтарып алды. Буга байланыштуу Жогорку сот имарат алдында нааразылык иш чарасын уюштурган атуулдар эми Жогорку Кеңештин имаратынын алдына келишти.

Байкоочулардын айтымында, Осмоновдун мындай кадамы сот бийлигиндеги абалды кайрадан курчутту. Аткаруу бийлигинин айрым өкүлдөрү Курманбек Осмонов мындай кадамга Жогорку Кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп алып барды дешүүдө:

- Осмонов саясий чечим кабыл алгандан кийин аягына чейин туруш керек болчу. Анын өз арызын кайтарып алышы-Осмонов менен Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын ортосундагы жашыруун макулдашуудан улам болду,- дейт Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров.

Ал эми чынында эле сүйлөшүү болгонбу, деген суроого Жогорку Кеңештин депутаты Исках Масалиев мындайча жооп берди:

- Ал биринчи арыз бергенде дароо эле депутаттардын арасында менин арызымы колдобогула деп иш жүргүзгөн. Ал эми сессияда жок менин арызымы колдогула деген.

Айтор Курманбек Осмоновдун өз арызын кайтарып алышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Ошол эле мезгилде аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн жана айрым депутаттардын жогорудагыдай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев жалган деп жокко чыгарат:

- Бул маалымат эң туура эмес. Мен орой сөз издеп таба албай жатам. Бул жүзүкаралык иш.

Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов болсо арызын кайтарып алуу себебин мындайча түшүндүрөт:

- Он экинчи майга чейин жылдырган. Бул мезгилде бир топ нерселер өзгөрүлдү. Коомчулуктун жана Жогорку сот судьяларынын көз карашы өзгөрүлдү. Ошондуктан башка маселелерди да терең анализдеп ушундай жыйынтыкка келдим.

Баш мыйзамга ылайык Жогорку сот төрагасынын арызысыз аны президенттин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңеш да кызматтан кетире албайт. Кырдаалдан кантип чыгууга болот деген суроого Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жообу төмөндөгүчө:

- Кырдаалдан юридикалык жактан чыгууга мүмкүн эмес. Анткени Осмоновду арыз жазууга эч ким күч менен мажбур кыла албайт. Ошондуктан абалдан саясий чечим аркылуу чыгууга болот. Тагыраак айтканда, нааразы тараптар жана Жогорку сот төрагасы менен сүйлөшүү менен чыкса болот.
XS
SM
MD
LG