Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Өзбекстандагы кырдаалга байланыштуу Жалалабад облусунда да коопсуздук чаралары көрүлүүдө.


ЖАЛАЛАБАТ. Өзбекстандын Анжиян жана Наманган облустары менен чектешкен Жалалабат облусунун чек ара заставалары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Чек арада турган бажы жана чек ара кызматтарынын адистерине Өзбекстандан өтүп келген ар бир адам менен жүктөрдү кылдат текшерүү керектиги тууралуу кеп-кеңештер берилди. Мындай маалымат 13-майда облустук бийликтин коопсуздук жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечеловдон алынды. Кадыр Бечеловдон алынган маалыматка караганда, облустун ички иштер, бажы, чек ара, улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилери жана Өзбекстан менен чектешкен райондордун башчылары чек арадагы кырдаалды терең изилдөө жана мамлекеттик чек араны бекем кайтаруу үчүн чек ара жайларында жүрүшөт. Жалалабат облусу менен Өзбекстандын мамлекеттик чек ара сызыгы 760 чакырым.

XS
SM
MD
LG