Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Өзбекстандын Анжиян облусундагы окуяларга байланыштуу Ошто коопсуздук чаралары күчөтүлдү.


ОШ. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Алишер Токсонбаев Өзбекстан менен чектешкен аймактар Ош чек ара бөлүгүнүн кошумча күчтөрү менен кайтарууга алынып, Араван, Өзгөн жана Карасуу райондорунун аймактарында коопсуздук чаралары күчөтүлүп жаткандыгын билдирди. Коңшулаш Өзбекстандагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери, чек ара жана улуттук коопсуздук кызматынын өздүк курамы күчөтүлгөн кызмат абалына өтүштү. Бул жөнүндө кабарлаган Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев учурда күч органдарынын биргелешкен көчмө жана туруктуу күзөт бекеттери уюштурулуп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG