Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:39

Унаа тармагынын кызматкерлери жетекчисине нааразы


БИШКЕК. 13-майда Ак үйдүн алдына «Кыргызстан аба жолдору» компаниясынын, Бишкектеги борбордук автовокзалда жүргүнчүлөрдү тейлөөчү «Ак жол» ишканасынын жана темир жол башкармасынын 300гө чукул жумушчусу пикетке чыгышты. Алар муну менен Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековдун кызматтан кетишин талап кылышты. Пикетчилердин айтымында, пикетке чыгууга министрдин милдетин аткаруучунун транспорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечпей өз үй-бүлөсүнүн бизнесин өркүндөтүүгө кам көрүүсү түрткү болду. Алар бул талабы менен 16-майда ири масштабдагы митинг өткөрүшүп, ага үй-бүлө мүчөлөрүн да тартышаарын кабарлашты. Ал эми Ишенбай Кадырбеков пикет боюнча оюн кийинчерээк билдирерин кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG