Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Жогорку сот имаратын ээлегендер талабынан кайта элек


БИШКЕК. 13-майда Жогорку соттун имаратын 22-апрелден бери ээлеп жаткан шайлоочулардын 100гө чукул өкүлү Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышты. Алар мурдагыдай эле Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Шайлоочулардын өкүлдөрү менен 12-майдын кечинде президенттик администрация жетекчисинин милдетин аткаруучу Үсөн Сыдыков жана адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун жолугушту. Турсунбек Акундун айтымында, анда Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кетүү арызын кайтарып алгандан кийин анын чечимине кийлигишүүгө мыйзам жол бербестигин түшүндүрүштү. Жума күнү түштөн кийин сот ичиндеги атуулдар менен «Тегерек үстөл» жыйыны уюштурулуп, ага Курманбек Осмонов катышкан жок.

XS
SM
MD
LG