Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Жогорку Кеңештин иши аксоодо


БИШКЕК. 13-майда Жогорку Кеңеш кворумдун жоктугуна байланыштуу пленардык жыйын өткөрө алган жок. Ал эми төрага Өмүрбек Текебаев Россиянын парламенттик жана КМШнын Парламент аралык Ассамблеясынын делегациясын кабыл алды. Делегацияны Россиянын Федералдык кеңешинин төрагасынын орун басары Александр Торшин жетектеп келди. Текебаев жолугушууда Конституциялык реформа тууралуу маалымат берди. Россия юристтерин жиберүү менен бул жараянга салымын кошушу ыктымалдыгы жолугушууда белгиленгенин Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG