Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Акыйкатчы президенттикке аттанды


БИШКЕК.Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу президенттик шайлоого катышат. Ал бул тууралуу 13-майда билдирип, БШКга арыз жазды. Акыйкатчынын айтымында, мындай чечимге ал өлкө аймагын кыдыруу мезгилинде калктын, анын ичинде өзбек улутундагы атуулдардын колдоосуна ээ болоруна ишенгенден кийин келди. Ал эми шайлоого «Чынчыл адамдар-чынчыл бийлик» деген ураан менен катышат. Программасынын өзөгүн болсо элдин укуктарын коргоо жана мамлекеттин кызыкчылыгынан катардагы жарандын кызыкчылыгын жогору коюу түзөт. Бирок шайлоо маалында Акыйкатчылык милдетинен баш тартпайт. Ал эми бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов Акыйкатчынын орду президенттикке мурдагы же болочоктогу талапкерлер үчүн камдалып туруучу орун эмес деп, Турсунбай Бакир шайлоо алдында кызматын өткөрүп берүүгө милдеттүү экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG