Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Иракта чукул абалдын мөөнөтү дагы бир айга узартылды


Муну кечээ өкмөттүн премьери Ибрагим ал-Жаафари ырастады. Ал эми Сирияга чукул райондон, эл аралык кызыл чырым уюмунун маалыматтарына караганда, миңдеген адамдар үй-жайын таштап, жер которуп кетип жатышат. Бул жерде бир нече күндөн бери америкалык аскерлер менен козголоңчулардын ортосунда айыгышкан уруштар жүрүп жатат. Аскерий командачылыктын өкүлү операция маалында жүзгө жакын козголоңчу жок кылынганын, алардын башчысы Абу Мусаба аз-Заркави жарадар болгонун кабарлаган эле. Муну козголоңчулар төгүндөп, америкалыктардан кырк жоокер окко учканын айтышууда. Соңку эки аптанын ичинде эле Иракта төрт жүздөй кишинин өмүрү кыйылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG