Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

НАТО Косово менен Сербияны сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды


Альянстын баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер бул сүйлөшүүлөрдө провинциянын келечеги аныкталышы зарыл деп эсептейт. Кечээ ал Приштинада Косовонун президенти Ибрагим Ругова менен жолугуп, провинциянын бийликтери улуттук азчылыкты түзгөн сербдердин коопсуздугун камсыз кылууга тийиш экенин да эскертти. Белград менен Приштинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине токтолуп, Схеффер талкуулар техникалык маселелер менен гана чектелбеш керек, деп билдирди. Косово ырасмий түрдө Сербияга карайт, бирок беш жылдан бери ООНдун башкаруусунда турат.

XS
SM
MD
LG