Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

ДОСБОЛ НУР УУЛУ: “БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ РЕФОРМА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДОН КИЙИН КҮЧӨТҮЛӨТ”


24-марттагы ыңкылаптан бери Билим берүү министринин милдетин аткарып жаткан Досбол Нур уулу бул тармактагы көйгөйлөр, алдыда аткарылчу иштер туурасында “Азаттыкка” маек курду.

-Досбол мырза, министрдин милдетин аткарып жатканыңызга бир жарым айдай убакыт болуп калды. Милдетин аткаруучу деген статус ишиңизге тоскоолдук кылган жокпу?

-Милдетин аткаруучу деген көп деле тоскоолдук кылган жок. Анткени биз убактылуу өкмөтпүз. Учурда толук ишке киришип иштеп жатабыз.

-Билим берүү системасында кандай проблемалар бар экен?

-Мектептерден мыкты мугалимдер кетип калып, эптеп эле сабакты, күндү өткөрүү адатка айланып калыптыр. Бала бакчалардан баштап, докторантурага чейин кайдыгерлик каптап, коррупция ээлеп калыптыр.

-Муну өзгөртүүнүн кандай жолун боолгоп жатасыз?

--Азыр муну чечүү максатында, дүйнөлүк практиканы, коңшу мамлекеттердин басып өткөн жолдорун иликтеп, үйрөнүп чыктым. Реформага азыр даярдык көрүп жатабыз. Президенттик шайлоодон кийин ага активдүү киришебиз. Биз биринчи кезекте, бизге кандай мектеп керек, кандай жогорку окуу жайы керек, кандай кесиптин ээлери керек - мына ушуну так билип алышыбыз керек. Мунун баары акчада турат. Балдардын келечегине кам көрүү зарыл, муну Жогорку Кеңештин депутаттары да колдойт деп ойлоймун, биз да даярдык көрүп жатабыз, биринчи кезекте эң мыкты мугалимдерди, адистерди сактап калабыз десек алардын айлыгын көтөрүшүбүз керек. Мугалим эң кеминде 4 миң сом алса Ош базарына, Орусияга кесибин таштап кетип калбай биздин жаш муундарга тарбия, билим бермек.

-Досбол мырза, Жогорку окуу жайларга байланыштуу суроо бар. Акыркы кезде Кыргызстанда көптөгөн Жогорку окуу жайлар, алардын филиалдары ачылды. Буга чейин биз жаштарга жумуш бере албасак, аларды билим менен камсыз кылабыз деген саясат жүргүзүлүп келинген. Жаштар убактысын, акчасын коротуп элеттердеги ЖОЖдордо окууну бүтүп чыгып жатат. Бирок алардын диплому эч жерде таанылбайт. Билими да жетишээрлик эмес. Анткени ал жерлердеги ЖОЖдордун материалдык базасы, мыкты мугалимдер менен камсыздоо жагы кандай экени белгилүү. Ошентип жаштар эки жолу алданууда. Жаңы министр катары бул багытта кандай саясат жүргүзөсүз?

-Суроо жакшы болду. Биз Жогорку окуу жайлардын саны боюнча Гиннестин китебине жазылыптырбыз. Бир жагы көп окуу жайлардын ачылганы жакшы болгон менен, анын сапаты, келечек кесип ээлерине кам көрүшү жагынан терс жактары көп болууда. 1997-жылы Аскар Акаев менен бул маселе боюнча кайым айтышканмын. Мен ошондо айтканмын, чоңураак эле айылга бир имаратты ижарага алып, университет ача бергенде келечек кандай болот десем, ошондо Аскар Акаев “мен жүз миң студенттерди алдап окутуп, жумушсуздуктан, кылмыштуулуктан сактап жатам”,- деп жооп берген. Мен анда кайра чыгып туруп айтканмын, сиз беш жыл жаш жигитти алдасаңыз, ал эми жетишээрлик билим албаган кесиптин ээси өлкөбүздү 50 жыл алдайт. Мына ошентип биз өзүбүздү-өзүбүз алдап жатабыз дегенмин. Мына ошондуктан бул жерге келгенден бери бул маселени абдан иликтеп жатабыз. Базасы жок, негизсиз ачылган филиалдар жабылат.

-Маегиңизге ырахмат!
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG