Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯ БАКИЕВ-КУЛОВ БИРИМДИГИН КОЛДОЙТ


14-майда Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын 7-курултайы болду. Анда 24-марттагы ынкылапка баа берилип, алдыдагы президенттик шайлоого партиянын катышуусу тууралуу маселе каралды.

Социал-демократиялык партиянын курултайына өлкөнүн бардык региондорунан 207 делегат жана Австрия менен Түркиянын социал-демократиялык партиясынын өкүлдөрү катышты. Делегаттар күн тартибиндеги эки маселе –24-марттагы ыңкылаптын болушуна кандай жагдай өбөлгө берди жана алдыдагы президенттик шайлоого партиянын катышы жөнүндөгү маселелерди талкуулашты. Партиянын төрагасы Алмаз Атамбаев өз сөзүндө ыңкылаптын болушуна Акаевдин элден таптакыр ажырап калган бийлигинин өзүмчүл саясаты жана бийликтин басмырлоосуна элдин чыдабай калгандыгы себеп болду деп баа берди.

Ал эми президенттик жарышка Феликс Кулов катышпай, Курманбек Бакиев менен макулдашууга барышын улуттун келечегине үмүт жараткан окуя деп баалап, ал Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдээрин билдирди. Мурда президенттик шайлоого Куловго жөлөк болуу үчүн катышууга ниеттенген Атамбаев ири эки саясатчынын макулдашуусунан кийин бул чечиминен баш тартып, Бакиевдин талапкерлиги үчүн иштээрин жарыя кылды:

-Кулов менен Бакиевдин биригишин колдоп иштейбиз. Шайлоо биринчи эле тур менен аякташына аракет көрөбүз. Ошол эле учурда шайлоо таза өтүүсү үчүн бардык күчтү жумшайбыз. Административдик басым, жасалмалоо болбосун деп жатабыз, анткени, башка талапкерлер дагы жарышка түшкөнү жатышат.

Курултайдын катышуучулары партия лидеринин мындай чечимин колдой тургандыктарын билдирүү менен бирге Атамбаевдин кесипкөй өндүрүшчү катары мүмкүнчүлүгүн жаңы бийликтин колдонуусу керек деп билдиришти. Ал эми Алмаз Атамбаев партия мамлекетти башкарууга өз программасы менен салым кошорун белгиледи. Анын айтымында, партия мамлекет күчтүү болуш үчүн эң ириде экономиканы бекемдөө керек деген принципте өзүнүн экономикалык программасын бийликке сунуш кылууга даярданып жатат:

-Экономика боюнча программаны даярдап жатабыз. Кудай буюрса, аны Бакиев менен Куловдун колуна беребиз. Анткени,экономиканы көтөрмөйүнчө элибиз жакыр бойдон кала берет.

Алмаз Атамбаевдин билдирүүсү боюнча, эң ириде өнөр жай менен айыл чарбасын көтөрүү керек. Партия ал үчүн ар бир айылда бирден кичи завод куруу зарыл деген багытта турат. Ал эми аны курууга кетчү каражаттын булагы бар. Ал мамлекетти тоноону токтотуу:

-Президент шайлангандан кийин өкмөт менен президент уурдагандарды колго чаап, уурулукту токтотсо эле каражат өзүнө өзү табылат.

Партиянын курултайына катышуу үчүн келген Австриянын социал-демократиялык партиясынын өкүлү Маркус Штормайер ыңкылаптан кийин Кыргызстандын эли мурдагыдан таптакыр башкача, келечекке ишеним менен караган элге айланып калыптыр деп билдирди. Анын баамында, кыргыз элинин тобокелге салган чечкиндүүлүгүнө Европада жогору баа берилди:

-Европада эч ким Кыргызстанда ушундай окуя болот деп ойлогон эмес. Баарыбыз телевизордон Кыргызстандагы окуяларды карап олтуруп, өздөрүнүн ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч келээрине карабай тобокелге салган адамдарды көрүп таң калдык жана алардын тайманбас күчтүү эркине баа бердик.

XS
SM
MD
LG