Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

ӨЗБЕК АТУУЛДАРЫ КЫРГЫЗСТАНДАН БАШ ПААНЕК СУРАП ТУРУШАТ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш аймактарында кырдаал оор бойдон калууда. Өзбекстандын атуулдары Кыргызстандын чек арасына келип, качкын макамын берүүнү жана Кыргызстанга киргизүүнү талап кылып жатышат. Ырасмий Ташкен болсо Анжиянда кырдаал турукташканын билдирүүдө.

Учурда Сузак, Карасуу жана Ноокен райондорунда кырдаал оор бойдон калууда. Ноокенде 500дөй адам чек арадан өтүп келген жеринен Кыргызстандын чек арачылары токтотуп калышты. Карасууда Өзбекстандын 4 миңдей адамы чек арада туруп алып, качкын макамын берүүнү жана Кыргызстандын аймагына киргизүүнү талап кылып жатышат. Сузакта да чек арада 600гө чукула адам ушундай талаптар менен турушат.

Саясат талдоочу Иманберди Жалилов «Азаттыкка» Карасууда акыбал стабилдүү деп билдирди. Бирок топтошкон адамдар Кыргызстандан баш паанек табууга мүмкүнчүлүк берүү талабы менен турушканын айтат:

- Жалпысынан кырдаал анчалык деле курч эмес. Бирок Карасууда, Сузакта бир нече миң адам келип, Кыргызстанга киргизүүнү талап кылып турушат. Алар биздин өлкөгө киргизүүнү жана баш паанек берүүнү суранып атышат.

Бул маалыматты республиканын чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева да тастыктап, бирок кырдаал көзөмөлдө деп ырастады:

- Ноокен районунун Бараш айылында 500дөй адам Кыргызстандын аймагына кирип келишкен, бирок чек арачылар аларды токтотуп калышты. Карасууда да 4 миңдей адам чек арада туруп, качкын макамын берүүнү талап кылып жатышат. Азыр кырдаал көзөмөлдө, чек арага келген өзбек атуулдары өз аймагында туруп алып, демонстрацияларды өткөрүп жатышат. Ал жерлерге Өзбекстандын күчтөрү жана аскерлери да тартылган.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров Анжиянда болуп жаткан окуялар Өзбекстандын ички иши деп билдирип, чек арага келип алган өзбекстандыктардын талаптарын тиешелүү органдар карап көрөт деген оюн айтты.

Президент алдындагы адам укугу боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акун Кыргызстан аларды кабыл ала албайт, эл аралык уюмдардын кепилдиги менен гана киргизиши ыктымал деген ойдо:

- Кыргызстан өз алдынча аларды кабыл ала албайт. БУУ, Качкындар боюнча жогорку комиссариат жана башка эл аралык уюмдар кийлигишпесе болбойт. Эл аралык уюмдар Өзбекстанда кырдаал турукташканда кайра кетет деген кепилдик бергенде гана аларды кабыл ала алабыз.

Ырасмий Ташкен Анжиянда кырдаал турукташканын билдирип жатат. Бишкектеги Өзбекстандын элчилигинин алдында студенттер ишембиде нааразылык чарасын өткөрүштү. Интернет- баракчалардагы 50 адам окко учту деген айрым маалымат боюнча алар 50 кызыл гүл алып келип элчиликтин астына коюшту. Студенттер «Өз элине ок аткан бийликтин баасы тыйынга татыбайт», «Өзбек оппозициясына саясий эркиндик» деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Пикеттин катышуучусу Союзбек Сариев Анжияндагы кырдаалга ичим тызылдап атат дейт:

- Өзбекстанда карапайым эл окко учканына кейип атабыз. Бийлик өз элине каршы курал пайдаланганы кайсы өлкөдө болбосун сынга алына турган окуя. Бүгүн жаштар чогулуп, ошол окко учкандардын элесине гүл койдук.
XS
SM
MD
LG