Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Акыйкатчы кызматынан чегинүүгө тийиш


БИШКЕК. Президенттикке талапкер катары катышаарын жарыялаган Турсунбай Бакир уулу шайлоо алдында ээлеген кызматын өткөрүп берүүгө милдеттүү. Мындай билдирүүнү 14-майда «Кылым шамы» бейөкмөт уюму таратты. Анда белгиленгендей, мыйзамга ылайык Акыйкатчы саясатка аралашпашы керек. Ал эми Турсунбай Бакир уулунун соңку учурда облустарды кыдырганы анын негизги милдети менен эмес, алдыдагы президенттик шайлоого катышуусу менен байланыштуу болуптур, -деп жазылган билдирүүдө. Акыркы эки аптанын ичинде Турсунбай Бакир уулу Ысыккөл, Нарын, Талас облустарын кыдырып, жер-жерлерде адам укуктарынын бузулгандыгы боюнча арыздарды кабыл алып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун да Турсунбай Бакир уулу президенттик шайлоого талапкерлигин койсо, Акыйкатчы болуп иштөөгө укугу жок деген пикирин «Азаттыкка» билдирди. 13-майда Турсунбай Бакир уулу шайлоо маалында акыйкатчылык милдетинен баш тартпай тургандыгын билдирген. «Эгер Курманбек Бакиев кызматын өткөрүп шайлоого катышса мен да ошондой кадамга барууга даярмын», - дейт Турсунбай Бакир уулу.

XS
SM
MD
LG