Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Жогорку сот имаратын ээлегендерге №66-шайлоо чөлкөмүнүн шайлоочулары кошулду


БИШКЕК. 14-майда Жогорку соттун имаратын 22-апрелден бери ээлеп жаткан 100гө чукул шайлоочуларга Чүй облусунун №66-Аксуу шайлоо округунун шайлоочулары да кошулушту. Алар аталган окуругдан парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон Эркинбек Алыбаевдин арызын Жогорку сот тарабынан акыйкат чечилбегенине нааразы болушуп, төрага Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Ушул эле күнү Ташкөмүр шаарындагы “Кара алтын” акционердик коомунун башчылары пикетчилер менен сүйлөшүп, дүйшөмбү күнү алар менен нааразылык акциясына чыгаарын билдиришти. Акционердик коомдун мүчөлөрү алардын арызына Жогорку сот туура эмес чечим чыгарганына нааразы болушууда.

Пикетчилер дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин алдында миңден ашуун адам катышкан митинг өтөөрүн билдиришти. Алар Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун жана анын орун басарларынын кызматтан кетишин талап кылышмакчы.

XS
SM
MD
LG