Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Тил комиссиясынын сынагы өттү


БИШКЕК. 14-майда өкмөт үйүндө президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу лингвистикалык комиссиянын алгачкы жыйыны болду. Бул күнкү сынакка президенттикке талапкерлер: Кыргызстан демократиялык партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев, нарколог-врач Жеңишбек Назаралиев, Өнөр –жай жана айыл-чарба кызматкерлеринин кызыкчылыгын коргоо партиясынын төрагасы Акбаралы Айтикеев катышты. Сынак алган лингвистикалык комиссиясынын 8 мүчөсү Жыпар Жекшеев менен Акбаралы Айтикеев кыргыз тилин билет деген бүтүмгө келишти. Ал эми Жеңишбек Назаралиев мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын сынагынан кайрадан өтмөк болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG