Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

Бишкектик жаштар Анжияндагы окуяга байланыштуу нааразылык чарага чыгышты


БИШКЕК. 14-майда Бишкекте Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Фергана өрөөнүндөгү кандуу окуяларга байланыштуу нааразылык акция өттү. Ага келген Кыргызстан студенттеринин кеңешинин, «Кел-кел» жаштар уюмунун өкүлдөрү «Өзбекстандын оппозициясына саясий эркиндик», «Өз элин аткан бийликке наалат», «Анжияндагы туугандар, биз сиздер мененбиз» деген ураандар жазылган плакаттар менен турушту. Нааразылык чарада турган Студенттер кеңешинин жетекчилеринин бири Аскат Дукенбаев Өзбекстандагы окуяларга байланыштуу мындай пикирин билдирди:

-Маселени чечүүнүн жолу - Өзбекстандагы саясий системаны демократиялаштыруу. Президент Ислам Каримов өлкөнүн оппозициясы менен сүйлөшүүгө барышы керек. Азыр дүйнөлүк коомчулук Өзбекстандагы жараянды көзөмөлдөөгө алышы керек.

Акцияга чыккан жаштар Анжияндагы окуяларда курман болгондорду эскерип, элчиликтин алдына гүл коюшту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG