Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Баткенде да коопсуздук чаралары көрүлүүдө


БАТКЕН. Бул туурасында 14-майда “Азаттыкка” облустун ички иштер башкармалыгынын коомдук уюмдар менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, Баткен облусу Өзбекстандын Анжиян облусу менен чектешпейт. Бирок Ош облусунун Ноокат району аркылуу өтүүчү тоо кыркалары менен Баткен аймагына, андан ары Тажикстан, же Ооганстанга оңой ашууга болот. Ал эми мурдатан эле талаш тартышты туудуруп келген Сох анклавындагы өзбек чегара бекеттериндеги күчөтүлгөн тартип жергиликтүү атуулдардын арасында кыйла кыжырланууну пайда кылууда. Белгилей кетүүчү нерсе Баткен облусу кошуналаш Өзбекстан менен 400 чакырымдан ашык аралыкта чектешип турат.

XS
SM
MD
LG