Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Ош облустук акимчилиги чукул жыйын өткөрдү


ОШ. Анда Өзбекстандагы окуяларга байланыштуу облус аймагында түзүлгөн кырдаал талкууга алынды. Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков жыйында кырдаалды чукул арада көзөмөлгө алуу жана коопсуздукту сактоодогу негизги чаралар каралганын билдирди. Губернатордун орунбасары Мурадыл Бакашов коопсуздук чараларын күчөтүүнүн жолдору, өзбекстандык качкындар маселеси пайда боло турган болсо, бул багытта иш алып баруунун жол-жоболору боюнча жергиликтүү бийликтин мыйзам чегиндеги иш аракеттеринин кыскача планы кабыл алынгандыгын белгиледи. Андан соң Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери Карасуу районуна жөнөп кетишти.

XS
SM
MD
LG