Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Ирактагы америкалык аскерлер жаңы чабуул баштады


Ирактагы америкалык аскерий жетекчилик бүгүн тараткан маалыматка караганда, аскерлер Обейди шаарын курчоого алды жана кагылышууларда Абу Мусаб аз-Заркавинин жүзгө жакын согушкерин өлтүрдү. Америкалык тараптан төрт аскер окко учту. Андан тышкары Сирия-Ирак чек арасындагы ал-Каим шаарынын алдына көптөгөн аскер топтолууда. Борбор калаа Багдаддын түштүгүндө бүгүн бомба жарылгандан үч адам өлүп, дагы төрт киши жараат алды. Бакуба шаарында болсо бир жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден үч полициячы жана бир бейтарап адам жарадар болду.

XS
SM
MD
LG