Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Кыргыз-өзбек чек арасында миңдеген адам чогулду


Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда экиге бөлүнгөн Караcуу шаарынын өзбек тарабында бүгүн миңден ашык адам чогулуп, өкмөткө каршы митинг өткөрдү. Кээ бир кабарлар боюнча, жергиликтүү аким барымтага алынды. Чек арада миңдеген адам топтолду, алардын айрымдары жараат алгандар. Кыргыз Чек ара кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, алардын кыргыз аймагына өтүшүнө азырынча уруксат бериле элек:

- Ноокен районундагы Бараш айылынын алдында беш жүзгө жакын адам кыргыз аймагына өтүп кеткен, бирок аларды чек арачылар токтотту. Качкындарды кайра артка жибериш керекпи деген маселе азыр каралууда.

Караcуудан отуздай чакырым алыстыкта жайгашкан Анжиянда кечээ күнү толкундоо болуп, аскер тарабынан элге каршы ок атылган.

XS
SM
MD
LG