Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

ОРУСИЯДА КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНЫН ӨЛҮМҮНӨ ЭМНЕ СЕБЕП БОЛУУДА?


Төрөкул Дооров, Москва Ырасмий маалыматтарга ылайык, Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар. Ушул тапта алардын арасында өлүм-жигимдин да саны өсө баштаганы айтылууда. Мигранттар маселеси боюнча Кыргызстанда парламенттик комиссиянын төрагасы Нарынбек Исабеков «өткөн жылы Москвада жана ага жакын жерлерде 72 кыргызстандык атуул мерт болгон» деген кабар таратты.

Орус жерине иш издеп келген кыргызстандык мигранттар, борбор азиалык башка мигранттардай эле, базарларда, курулушта жана башка оор жумуштарда иштешет.

Мигранттар маселеси боюнча парламенттик комиссиянын берген баасына Москвадагы «Кыргыз биримдиги» уюмунун өкүлү Аваз Сардарбеков кошула тургандыгын айтты:

- Депутат Н.Исабековдун айткандары туура. Жалпысынан Москвада жана анын жакын жерлеринде көз жумуп жаткан кыргызстандык мигранттардын саны өсүүдө. Мынакей, өткөн жумада эле Подмосковьеде бир кыргыз жигит төртүнчү кабаттан (курулушта-автор.) түшүп кетип, мерт болду. Мындай фактылар көп эле болуп турат.

Аваз Сардарбеков өзү 14 жылдан бери Москвада жашайт, кесиби боюнча экономист. «Ушул тапта диаспоранын экономика бөлүмүндө иштейм, шаардагы бүт кыргызстандык мигранттардын проблемалары да менин мойнумда» дейт ал. Каза болуп калгандар тууралуу кантип билесиздер дегенге суроого ал мындай деп жооп берди:

- Бизде Москвадагы кыргызстандык мигранттар менен жакын байланыш түзүлгөн. 8-9 миңдей адам менен дайыма байланышты кармап турганга аракет кылабыз, алар болсо ич-ара бири-бири менен байланышып турушат. Андыктан, кайсыл бир жерде кимдир-бирөө көз жумса, ал тууралуу маалымат дароо эле бизге жетет.

Биздин дагы бир маектешибиз, Жамиля Бегишова да көптөгөн жылдар бою Москвада жашап келатат. Өзү биология илимдеринин кандидаты, ушул тапта Москва мамлекеттик университетинде Орусиядагы кыргыз мигранттарынын укуктук абалы тууралуу илимий ишин улантууда. Жамиля эже бул жердеги мигранттардын турмуш-тиричилиги менен жакындан тааныш. Ал эмгек мигранттарынын өлүмүнө алып келген негизги себептерди мындайча белгилейт:

- Мигранттардын жашаган жерлери санитардык нормаларга жооп бербейт, элементардык жууна турган жери да жок. Кышын-жазын курулуш жерлеринде эле очок-канадай бөлмөлөрдө жашашат. Кыштагы суукта электр плитасын коюп коюшат. Анын үстүнө, калориясы өтө аз азык-түлүк менен тамактанышат. Бир жумада бир жолу эт жешсе жешет, жебесе - жок. Андан сырткары, биздин мигранттар өмүргө өтө коркунучтуу объекттерде иштешет. Көптөр жогорку кабаттардан учуп, өлүп жатышы да ошондон. Менимче, мына ушул эки башкы себеп бар. Дурус тамактанбагандык жана оор жумуш шарттары. Тамакка аз каражат сарптап, эптеп үйүнө, Кыргызстанга, жиберүүгө аракеттенишет. Ал эми каттоонун жоктугунан, алар ооруп калышса да догдурга барышпайт. Анткени жолдо милиция кармап калат деп коркушат. Жакында эле бир жаш жигит кышында өпкөсүн шамалдатып алып, ооруканага барбай жүрө берген экен, өтүшүп кетип, көз жумду. Мындай окуялар көп кездешет.

Анын айткандарына Москвадагы мигранттардын укуктук проблемалары үстүндө иштеп жүргөн «Миграция жана укук» деген уюмдун төрайымы Гаухар Жумарева да кошула тургандыгын айтты. Бул уюм мурда жалаң тажикстандык мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүп келген. «Жакында грант алып, эми юристтердин жардамына муктаж баардык эле мигранттарга колдоо көрсөтө баштадык» дейт Жураева айым.

Анын ишениминде, мигранттар арасында өлүм-житимдин санын азайтса болот:

- Бул үчүн каттоонун механизмин өзгөртүү керек. Мигрант каерге келген болсо, ал жердин шартына карабай, катталууга укук бериш керек. Ижарага үй алып жашаган эмгек мигранттарынын саны өтө эле аз. Алар көп учурда топ-топ болуп, жатаканаларда, базарларда, курулуш жерлеринде эле жашай беришет. Алар ошол жашаган жатканаларда каттоодон өтө албагандыктан, мигранттардын 90%зы укуксыз калып жатышат.

Жураева айымдын айтымында, орус жеринде көз жумган мигранттардын денесин тажик өкмөтүнүн көрсөтмөсү менен «Тажикаэро» авиа-компаниясы мекенине бекер жеткирип берет экен.

Ал эми Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Аваз Сардарбековдун айтымына караганда, эгерде кыргызстандык мигранттардын арасында кимдир бирөө каза болуп калса, анын денесин мекенине жиберүү үчүн өкмөт эч кандай жардам көрсөтпөйт, мигранттар өздөрү акча топтошот. Бир өлүктү жиберүүгө 1,5 миң долларга жакын акча жумшалат:

- Эми кыргыз болгондон кийин, кайгыга туш болгондорго жардам беребиз да. 100-200 доллардан чогултуп, Кыргызстандагы үй-бүлөлөрүнөн ишеним кат суратабыз. Анан Кыргызстанга жиберебиз.
XS
SM
MD
LG