Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

ЧЫГЫШ ӨЗБЕКСТАН: КЫРГЫНДАН КИЙИНКИ СЫРДУУ ЖЫМЖЫРТТЫК


Жекшембиде Өзбекстандын Анжыян жана Карасуу шаарларында кырдаал тынч болгону маалымдалды. Жума жана ишемби күндөрү оболу Анжыянда, андан кийин өзбекстандык Карасуу шаарчасында расмий бийликтин саясатына нааразы күчтөр демонстрация өткөрүшкөн. Анжыяндагы жума күнкү кагылышуу маалында бир нече жүздөгөн кишилер набыт болгону кабардалууда. Расмий Ташкен набыт болгондордун санын 30дай гана киши деп көрсөткөн. Жарым миңден ашуун өзбек качкыны Кыргызстандын аймагына өттү.

Жекшемби күнү Анжыянда өтө сырдуу жымжырттык орун алды. Өзбекстандын Фергана аймагындагы бул ири шаардан кабарчыбыз Садриддин Ашуров телефон аркылуу кабардап, жума күнү демонстранттар айоосуз аткыланган борбордук аянт бүгүн (жекшембиде) тынч экенин билдирди:

- Жума күнү демонстрация болгон башкы аянт ушул тапта өкмөттүк аскерлердин көзөмөлү астында турат. Анжыян шаарын азыр аскерлер катуу көзөмөлгө алууда.

Расмий Ташкендин маалымдашынча, жума күнкү кагылышуу 30 кишинин өмүрүн алды. Алардын ичинде полиция кызматкерлери да бар. Ал эми көз каранды эмес булактар өлгөндөрдүн саны бир нече жүзгө жеткенин айтууда. Маселен, «Анимакор» аттуу бейөкмөттүк уюмдун башчысы Гүлбахар Төрөева жекшембиде «Азаттыктын» кабарчысы менен баарлашып, Анжыян шаарындагы 15-мектепке барып, 500дөн ашуун кишинин денесин өз көзү менен көргөнүн айтты:

- Эгерде ишемби күнкү окуяларды айтчу болсок, мен ал күнү Анжыян шаарындагы 15-мектепке бардым. Ал жерге чогултулган сөөктөрдү көрдүм. Набыт болгондордун сөөгүн өз көзүм менен көрдүм. Ал жерде 500дөй же андан көбүрөөк сөөк бар болчу.

Бир нече миңдеген киши ишемби күнү Өзбекстандын Карасуу шаарына келип, жергиликтүү акимиятты басып алышты жана бир катар расмий кеңселерди өрттөп жиберишти. Эгерде өзбекстандык коопсуздук күчтөрү өздөрүнө кысым көрсөтчү болсо, анда алар да жансоога сурап Кыргызстан тарапка өтүү үчүн аракет кылаары жоромол кылынууда.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримовдун оюна караганда, Анжыяндагы окуяларды «экстремисттер» бир нече айдан бери уюштуруп келишкен жана алардын артында «Хизбу-т-Тахрир» сыяктуу ал өзү «ашынган исламчы» деп атаган уюмдар турат:

- Алардын максаты – Анжыянда түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, конституциялык түзүлүштү кулатуу жана «ислам халифаты» деп аталган жүзөгө ашпас бир мамлекетти куруу, анын негизинде өз өкүмүн, өз өкмөтүн негиздөө болчу.

Ал эми «Хизбу-т-Тахрир» уюмунун Лондондогу кеңсесинин басма сөз өкүлү Имран Вахид «Азаттык» үчүн курган ишемби күнкү маегинде расмий Ташкен исламчылардын бул уюмун зомбулук аракеттер үчүн айыптуу деп негизсиз күнөөлөп жатат деген пикирин билдирди:

- Биздин уюмубуз бул зомбулук иш-аракеттерге катышкан жок. Биздин уюм, тескерисинче, Каримовду тынчтык жол менен бийликтен кетирүүгө багытталган иш-аракетин жүргүзүүдө.

Бирок Имран Вахид жалпы Фергана аймагында азыркы секулярдык бийликтердин ордуна исламдык халифатты негиздөө өз уюмунун башкы мүдөөсү экенин да танган жок.

Ислам Каримовдун өкмөтү демократиялык жана секулярдык оппозицияны айоосуз жазалаган режим катары эл аралык коомчулук тарабынан сынга алынып жүрөт. Ошол эле учурда, Каримовдун өкмөтү Ооганстандагы талиптик режимди кыйратып, эл аралык терррорго каршы күрөш алып барууда Кошмо Штаттардын шериги катары маалым.

Британиянын мурдагы элчиси Крэйг Мөррей жекшембиде «Индепендент» гезитине берген маегинде америкалыктар менен британдыктар Өзбекстанда демократиялык күчтөргө жардам берүү үчүн эч нерсе жасабайт, деп аларды сынга алды.

«Хюман райтс уотч» уюму болсо расмий Ташкен эл аралык террорго каршы күрөштү шылтоо кылып, куралсыз демонстранттарды аткылаганын актай албайт, деп билдирүү жасады.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) бүгүн расмий Ташкенди жана оппозицияны Өзбекстандагы зомбулук аракеттерди токтотууга жана өлкөдө адам укуктарынын камсыз кылынышына жетишүүгө чакырды.

Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро Өзбекстандагы демонстранттардын айоосуз жазаланышын айыптап, расмий Ташкенди демократиялык реформаларды жүргүзүүгө чакырды.

Анжыяндагы демонстрация ырайымсыз басылган соң, миңдеген кишилер коңшу Кыргызстандын чек арасын көздөй качышты. Алардын жарым миңдейи Кыргызстандын чек арасынан өткөнүн жекшембиде Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов тастыктады:

- Такталган маалыматка караганда, бүгүн Кыргызстандын аймагында 541 качкын турат. Аларга качкын макамын берүү, менимче, азырынча эртелик кылат.

«Франс пресс» агенттигинин жекшембидеги маалымдашынча, 900дөй өзбек атуулу качкын катары Кыргызстанда баш пааналоодо.

Сүрөттө: Анжиян шаары акыркы күндөрдө

XS
SM
MD
LG