Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

Бээжин жана Токио өз ара диалогду улантат


Кытай жана Япония ич ара араздашууну жөндөө боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта берет деп билдирди Кытайдын тышкы иштер министрлиги. Япониянын тышкы иштер министринин орун басары Шотаро Яхи Бээжинге жума күнү эки күндүк сапарга келген. Эки өлкө арасындагы мамиле өткөн айда Кытайда болгон антияпончул демонстрациялардан кийин начарлап кеткен эле. Кытай тарапты Япониянын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчөсү болуу аракети кыжырданткан. Кытай тарап ошондой эле жаңы чыккан окуу китебинде Япониянын согуш учурунда кытайлыктарга көрсөткөн мыкаачылыктары көз жаздымында калыптыр деп нааразы болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG