Батыш Иорданда жана Газа тилкесинде миңдеген палестиналыктар көчөгө чыгышып, “Накба” же кыямат күндү-Израилдин мамлекет болуп түзүлүшүн жана Израилден палестиндер качуусун белгилешти. Израил хиброу жыл эсептөөсүнө ылайык –көз карандысыздыгынын 57 жылдыгын бейшемби күнү майрамдаган.