Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Баткенде “Үйүңүздө тынчтык болсун” долбоору иштей баштады


БАТКЕН. Кыргызстан тараптан эл аралык толеранттуулук үчүн коомдук фонду ал эми тажикстан тараптан “Иттифок” коомдук бирикмеси менен биргелекте иш жүзүнө ашырылган бул долбоорду ЮСАИД уюуму каржылайт. Долбоордун башчысы Зульфия Баратованын айтымында, эки тараптуу бул иш аракеттин негизги максаты Баткен облусу менен Согду облусунун аймагында бийлик органдары, күч структура кызматкерлери менен жергиликтүү атуулдардын ортосунда пикир алмашуу жыйындарды, окуу-семинарларды өткөрүү менен чек арадан өтүү маселелерин, андагы адам укуктарын үйрөтүү болуп эсептелинет. Белгилей кетсек Тажикстандын бир топ айылдарынын жашоочулары кыргыз аймактарын аралап, ошондой эле жолду кыргыз айылдарынын атуулдары да басып өтүшөт. Жыйынтыгында чек ара бекеттеринде тигил же бул тараптан ортосунда пикир келишпестиктер туулууда. Баткен облусу кошуналаш Тажикстан менен 500 чакырымга жакын аралыкта чектешип турат.

Жекшембилик кабарларды Чолпон Орозобекова жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG