Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Өзбекстандын 500дөн ашык атуулу Кыргызстанга кире качты


ОШ. Кыргызстандын чек арасы көзөмөлдө жана соңку убакта олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок. Республиканын чек ара кызматы бүгүн “Азаттыкка” ушундай деп билдирди. Сузак районунун Бараш айылында Өзбекстандан кирип келген 500дөй адамга Кызыл чырым эл аралык уюму гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Ал эми Кыргызстандын Чукул кыраалдар министрлигин күчү менен качкындар үчүн чатырлар тигилип жатат. Бул аймакта БУУнун, Эл аралык миграция уюмунун, АКШ элчилигинин өкүлдөрү жүрөт. Эл аралык уюмдар качкындарга бериле турган гумантиардык жардамдын көлөмүн аныктап, кырдаалга сереп салышууда. Ал жерде президенттин түштүк дубандардагы өкүлү Алмамбет Матубраимов да жүрөт, ал эми республиканын чек ара кызматынын башчысы генерал-полковник Мырзакан Субанов бүгүн жекшембиде учуп барды.

XS
SM
MD
LG