Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

ЖАҢЫ КОНУШТАРГА БӨЛҮНЧҮ АКЧА ЭКИ ЭСЕ КӨБӨЙӨТ


Азиза Турдуева, Бишкек 15-майда Бишкекте Кыргызстан үй куруучуларынын төртүнчу курултайы өттү. Ага борбор калаадагы жаңы конуштардын өкүлдөрү, жогорку бийлик өкүлдөрү катышып, үй-куруучулардын маселелери талкууланды. Куруалтайда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев үй куруучулардын муктаждыктарына бюджеттен бөлүнгөн каражат эки эсеге жогорулаарын билдирди.

Курултайдын катышуучулары үй куруучулар коомунун ишмердүүлүгү, анын ишиндеги ийигиликтер менен кемчиликтер, бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келген маселелер туурасында сөз кылышты.

1989-жылы түзүлгөн «Ашар» үй куруучулар коомунун жетекчилеринин бири Шабдырай Зергер коом тарабынан өткөн 16 жылдан бери жасалган иштерге мындайча токтолду:

- Биздин коомдун аракеттери менен андан бери 27 жаңы конуш пайда болду. Азыр аларда жашаган адамдардын саны 200 миңге жакын. Бул конуштардын баарында жолдор курулду, суу түтүктөрү орнотулду, мектеп, бала-бакчалар салынды. Бул жаңы айылдардын баарында жарык бар. Ошентип, биз жүздөгөн адамдардын турак-жай маселесин чечүүгө түздөн-түз көмөк көрсөттүк. Бирок, албетте, чечилбеген маселелер да бар.

Кыргызстан үй куруучуларынын демократиялык союзунун төрагасы Сабыр Мукамбетов болсо Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын абалы жөнүндө мындай деди:

- Азыр жаңы конуштардагы жолдордун 90 пайызы оңдолушу керек. Көпчүлүк жерлерде суу түтүктөрү жок. Социалдык абал оор. Социалдык объекттер жетишсиз. Мектептерди куруу зарыл. Дүкөндөр жетишпейт. Мунун баарына акча каражаты талап кылынат. Ал эми мурдагы өкмөт бул маселелерди чечүүгө көңүл бурган эмес.

Курултайга катышкан президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев өкмөт тарабынан өлкөдө турак-жай маселесин чечүүгө аракет жасала тургандыгын билдирди:

- Мындан ары ар жылы жаңы конуштардагы инфраструктура жана башка тармактардагы маселелерди чечүүгө республикалык жана Бишкек шаардык бюджеттен 400 млн. сом акча каражаты бөлүнөт. Бул каражатты натыйжалуу пайдалануу маселесин сиздер өзүңүздөр чечип аласыздар деп ойлойм. Биздин өкмөт өлкөдө турак-жай маселесин чечүүнү, үй куручуулардын бул багыттагы аракеттерин колдойт. Бул боюнча мен сиздерге сөз берем.

Буга чейин жаңы конуштардагы жол салуу, суу түтүктөрүн орнотуу, мектеп, бала бакча жана башка социалдык объекттерди куруу сыяктуу иштерге Бишкек мэриясынын жана республикалык бюджеттен жалпысынан 200 млн.го жакын сом бөлүнүп келген.

Курултайда Курманбек Бакиевдин талапкерлиги президенттикке көрсөтүлүп, бул сунуш жыйындын бардык катышуучулары тарабынан колдоо тапты.

Жыйындын катышуучулары ошондой эле Курманбек Бакиев менен «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун бир тандемде президенттик шайлоого катышуу жөнүндөгү чечимин колдошоорун билдиришти. Курманбек Бакиев Феликс Кулов менен бир пикирге келишкендигинин себебине байланыштуу мындай деди:

Мен үчүн да, Феликс Кулов үчүн да, президенттик шайлоого катышуу боюнча бир пикирге келүү өңойго турган жок. Анткени, анын айланасындагы адамдар, менин айланамдагы адамдар биз өз алдынча шайлоого барабыз, биринчи айлампада эле жеңип алабыз дегендер көп болду. Бирок мен да, Феликс Шаршенбаевич да, элди ойлоп, кыргызды түндүк-түштүккө бөлбөйлү, элдин келечегин ойлойлу деп, бир пикирге, бир макулдашууга келдик. Муну жер-жерлерде да жакшы кабыл алып жатышат.

Акыркы маалыматтарга караганда, жерге муктаж атуулдардын саны 80 миңге жакын. Бирок мамлекеттик каттоо мекемеси алардын ичинен 33 миңинин гана турак-жайы жоктугун тастыкады.

XS
SM
MD
LG