Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНЫН КАЙТААР ТҮРҮ ЖОК


15-майга карата Кыргызстандын Өзбекстандын Анжиян облусу менен чектешкен аймактарында абал бир аз тынчыды. Бирок Өзбекстандан Кыргызстанга өтүп алган 500дөн ашуун адам өз мекенине кайра кайтуудан чочулап турушат. Коңшу мамлекеттердин чек арасындагы мындай кырдаал кантип жөнгө салынат?

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинен алынган маалымат боюнча, Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына качып келген 541 адам үчүн Күтүүсүз кырдаалдар министрлиги чатыр тигип, тамак-аш менен камсыз кыла баштады. Андан тышкары жергиликтүү эл аларга өз көмөгүн көрсөтүп жатат. Ал эми Ош облусунун Карасуу районунун аймагындагы Шахрихансай дарыясындагы 2003-жылы өзбек тарап бузуп салган көпүрөнү эл өзү кайра куруп, кыргыз тарап ал жерге текшерип өткөрүү чек ара пунктун ачты. Кыргыз президентинин милдетин аткаруучунун түштүк аймак боюнча атайын өкүлү Алманбет Матубраимов, чек ара кызматы жана Ош облустук администрациясынын биргелешкен жыйыны болуп, анда эки жакка каттамды ошол көпүрө аркылуу дыкат текшерүү менен жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Чек арадагы абалды болсо азыр эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү иликтөөгө киришти. Бирок Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы борборунун жетекчиси Маркус Мюллер качып келгендердин тагдырын чечүү Кыргызстан менен Өзбекстандын ички иши деп жекшембиде билдирди. Анын айтымында, эл аралык уюмдар гуманитардык жардам гана бере алат.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Мирослав Ниязовдун айтымында, абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери менен күч структураларынын ортосунда сүйлөшүүлөр такай жүрүп жатат. Бирок, расмий Бишкек менен Ташкендин ортосундагы сүйлөшүүнүн мазмуну азырынча белгисиз:

- Мен билген маалымат боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр үзгүлтүксүз болуп жатат. Бирок азырынча, негизги мазмунун билбейм.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов болсо 14-майда берген пресс-конференциясында Анжияндагы кармаштын чыгышына Кыргызстандагы ыңкылаптын таасири тийди жана анын башында «Хизбут-тахрир» диний уюму турду деп билдирди. Анын ою боюнча, бийликти алууга умтулган диний экстремисттик топтор «кыргыз ыңкылабынын сценарийин» колдонууну көздөдү. Өзбек президентинин мындай билдирүүсү кыргыз коомчулугунда дароо каршы пикир жаратты. Ал тууралуу бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун пикири мындай:

-Ислам Каримовдун сөзүн уга турган болсоң, өзүнүн саясатта, экономикада кетирген катачылыктарынан келип чыккан абдан чоң кризистерге кыргыздарды күнөөлүү кылып чыга калат. Ал мындай оюн буга чейин да айткан болчу. Албетте, Анжиянда болуп жаткан окуялар мурдатан бышып жеткен. Ага кыргыздын ыңкылабынын эч кандай тиешеси жок. Анын чыгышына экономикалык, адам укуктары жаатындагы көйгөйлөр негиз берди.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Анжияндан качкан куралчан адамдардын бир тобу Кыргызстандын аймагына кетти деп да билдирип, алар жалпы региондун коопсуздугуна терс таасир берерин кыйытты. Ал эми Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Мирослав Ниязов андай маалыматты жокко чыгарды:

-Куралдуу адамдар бизге өткөн жок. Мисалы мага андай маалымат түшкөн жок. Баары көзөмөлдөнүп жатат. Курал, баңгизат дегендердин баарын фильтрациялык көзөмөл текшерип жатат.

15-майда Анжиян облусунун 3 миңге чукул тургуну кыргыз-өзбек чек арасынын жанына чогулуп, нааразылык митинг өткөрүштү. Митингде алар өлкө президенти Ислам Каримовдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Мындай талапты ачык айткан атуулдардын көбү тууган жерине барбай, Кыргызстанга агып кирет деген ойлор эл оозунда айтылууда.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстан аларды кабыл алып, кам көрүүгө милдеттүү, себеби алар авторитардык режимдин кысымынан качып жатат деген ойдо турушат.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин айтымында, Күтүүсүз кырдаалдар министрлиги мындан 7-8 жыл илгери региондо чукул кырдаал түзүлсө Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн, анын ичинде Өзбекстандан канча адам келиши мүмкүн экендигин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзгөн. Иликтөө андай кырдаалда 1 миллиондон кем эмес адам оошу мүмкүн экендигин көрсөткөн. Демек, эгер Өзбекстанда кырдаал дагы курчуса Кыргызстанга оогон качкындардын саны көбөйүшү толук мүмкүн. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев ошондуктан Кыргызстандын бийлиги эки өлкөнүн саясий мамилесине жана өлкөнүн экономикасына олуттуу таасир берүүчү бул жагдайды кылдаттык менен жөнгө салууга милдеттүү дейт:

- Бул опурталдуу маселе. Ал кыргыз-өзбек мамлекеттеринин ортосунда нааразылыкты пайда кылышы мүмкүн. Анткени, өзбек бийлиги «Хизбут –тахрирди» колдогон эл бизден качып кетип, Кыргызстанга кирип кеткенден кийин аларды кууп барып кайтарууга укугубуз бар деп айтат. А биз болсо качкындар боюнча эл аралык келишимге кол койгонбуз, ошон үчүн андай чарага бара албайбыз деп айтканы турабыз. Ошондуктан, бул маселени эл аралык коомчулук, БУУнун качкындар боюнча башкы комиссары жана жаңжалдарда иштеген тажрыйбалуу адамдар бирге өтө кылдаттык менен чечүү зарыл. Эгерде биз конвенциянын талабын аткарбай турган болсок, өзүбүздүн эл аралык коомчулуктун алдында жүзүбүздү жоготуп коебуз. Эгерде Өзбекстан менен келишимге келип чечпесек, анда Өзбекстан мурдагы экономикалык кысымчылыкты кылууга дароо киришет.
XS
SM
MD
LG