Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Жеңишбек Назаралиев шайлоого катышуудан баш тартты


10-июлда боло турган президенттик шайлоого талапкер катары катышпай тургандыгын дарыгер-нарколог Жеңишбек Назаралиев 16-майда маалымат жыйынында билдирди. Мындай чечимди ал Феликс Кулов менен Курманбек Бакиев мунасага келгенден кийин кабыл алган.

Жеңишбек Назаралиевдин президенттик шайлоого катышпайм деген чечимге келишине Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун биригиши себеп болгон:

- Феликс Кулов менен Курманбек Бакиев мунасага келгенден кийин өлкөдөгү тынчтык жана бейпилдик маселеси чечилди десек болот. Ошондуктан менин президенттик шайлоого катышуумдун кажети жок. Мен президенттикке талапкерлигимди бийлик үчүн койгон эмесмин, мен өлкөдө согуш болуп кетпесин деп өз талапкерлигимди койгом.

Жеңишбек Назаралиевдин шайлоого катышуудан баш тартышы ишембиде өткөн кыргыз тили боюнча сынакка байланыштуу деген пикирлер да айтылууда. Бирок Жеңишбек Назаралиев буга сынактын эч кандай тиешеси жок экенин айтып, кыргыз тилин жакшы деңгээлде билээрин баса белгиледи:

- Мен кыргыз тилин суудай сүйлөйм. Сынак учурунда алдыда 10 камера, артта 2 камера турат, сүрдөйт экенсиң. Тил комиссиясында “билет”же “билбейт” деген эки гана түшүнүк бар экен. Эми бул туура эмес да. Мен кыргыз тилин түшүнүп, башкаларга да өз оюмду айтып жаткандан улам кыргыз тилин билем дегенди билдирет да. Анан зат атооч, ат атооч дегендин эмне кереги бар. Дүйнөдө тил боюнча экзамен тапшырат дегенди уккан эмесмин.Тил комиссиясында сегиз эмес, тогуз мүчө болуш керек эле, бирок ал жерде сегиз гана мүчө олтурду. Бүт күнөөнүн баары өздөрүндө. Сотко берсем утуп кетмекмин.

14-майда тил комиссиясыныны мүчөсү Шералы Жапаров Жеңишбек Назаралиев мамлекеттик тилди жакшы билбейт деген баасын берген эле:

- Кыргыздын каны бар болгондуктан өзү сүйлөмдөрдү анча –мынча чубалжытып айткандай болду, ырааттуулук жок болду. Сингормонизм, үндөштүрүү закону деген бар. Бирок булардын бары дээрлик сакталган жок. Ошондуктан мен 3 тапшырма боюнча “канагаттандырган жок” деген баа берем.

Жеңишбек Назаралиев болсо президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиевге каршы берген доо арызын кайтарып алаарын айтты. Анын себеби катары ал өзүнүн талапкерлигин шайлоодо алып салып жаткандыктан, Бакиев менен соттошуунун да кажети жок деп эсептейт. Бирок Назаралиев мурунку президент Аскар Акаевге каршы берген доо арызын соттон албай турганын да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG