Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:05

ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН ТУТАНГАН ЖАЛЫН


Кийинки эки жыл аралыгында постсоветтик өлкөлөрдү бир четтен ыңкылап толкуну каптай баштады. Грузиядан башталган тенденция Украина менен Кыргызстанды каптап өтүп, «кожокөрсүн» демократия режимдеринин үшүн алууда. Расмий Ташкен Анжияндагы калк нааразылыгын күч менен басып, анын чыгышына сырткы таасир себеп болгонун айтууда.

Элдик ыңкылаптын шарданы менен Кыргызстанда бийликтин алмашуусу алыскы-жакынкы коңшу өлкөлөрдүн кыйласына сабак болду окшойт. Аны Анжияндагы элдик көтөрүлүштү бас-бас кылып Ташкенге кайтып баргандан кийин журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында Өзбекстан президенти да кыйыр эскерте кетиптир.

Нааразы калкты канга чакатып, бул ирет да болгон окуянын баки-жогун диний жикчилдикке, чаарбаш исламчыл күчтөргө жөңкөгөн президент И.Каримов Ош менен Жалалабаттагы окуялар өз жеринде кайталанбастыгын атайын эскертти.

Демократия сырттан таңууланбашы керектигине өзгөчө басым жасаган Өзбекстан жетекчиси элдин нааразылыгы экономикалык себептерден чыгып атканын, калган шарт-жагдайлардын баары ага байланыштуу түшүндүрүлөрүн негедир айткан жок.

Көпчүлүктүн көөнүнө көкташтай тийген жаалы катуу режимге каршы чыккан нааразылык да катуу болору тарыхтан белгилүү. Бошоң бийлик демократияны коргоп кала албастыгын экс-президент А.Акаев Москвадан дамамат айтып келатат. Ошондон, белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков ырастагандай, элдин бир бөлүгүнүн ачык каршылыгынан чочулаган А.Акаев кызматын таштап кетишке мажбур болгон.

- Элдин дегеним, элдин бир бөлүгүнүн көтөрүлүшү болду. Ошондон улам мындай болорун күтпөгөн биздин президентибиз өлкөнү таштап, куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп туруп анын баарын таштап, тагдыр эмне болсо ошо болсун дегендей кетип калды да мына, жаңы бийлик келип ошол бош орундарга отуруп калды.

Анткен менен көпчүлүктүн нааразы болуп жабылып көчөгө чыгышына көбүнесе экономикалык максат-мүдөөлөр себепкер болот. Аны белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахманов мындайча түшүндүрөт:

- Бу чайнектин оозун бүтөп турyп Каримов акең ылдый жагынан от жагып жатат. Бул жарыла турган нерсе. Эртеби-кечпи дагыле жарыла берет. Элдин талабы, кайсы жерде болбосун, жалаң эле экономикалык талап болуп келет.

Дүйнөдөгү калк эң жыш жайгашкан аймакта акыйкатта да, элдин көбү өтөле жакыр жашайт, алардын саясий-экономикалык эркиндиги такай басмырланып келет.

- Менин оюмча, сырттан эч нерсе таңууланбай эле өз жеринде, өз элинде нааразылык топтолуп, анан бир күнү анын атылып чыкканы. Бул кайсы күчтөр экенин биз толук биле албайбыз, демократиялык күчтөрбү же исламчыл радикал күчтөрбү? Бул, биринчиден, бийликтин эски усулдар менен үстөмдүк кылып башкарып келишинен айласы кеткен эл ошондой иштерге барып жатaт. Бийлик башкача мамиле түзсө элден башкача жооп алмак,- дейт «Кыргыз концепт» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев.

Элдик ыңкылап ишке ашырылгандан кийин өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда кардиналдуу өзгөрүүлөр болушу керек. Ансыз, парламент депутаты Кубатбек Байболовдун ырасташынча, элдин нааразылыгы токтолбой күчөй бериши ыктымал.

- Система өзгөрбөй эле Тешебай, Мешебайлар өзгөрүп атса аны революция деп кантип айтабыз? Айта албайбыз да.

Оогандык ишкер Нематуллах Ханмуллах Өзбекстандагы элдин көтөрүлүп чыгышына сырттан эч ким шыкак берген жок, буга Кыргызстандын же Ооганстандын эч тиешеси жок деген пикирде.

- Буга оогандардын тиешеси жок. Элдин өзү мамлекеттик бийликке каршы чыгышты.

Анжиян, Карасуу… Калк нааразылыгы күчөгөндөн күчөп баратат. Аны токтотууга өзбек бийлигинин буямасы келер бекен?
XS
SM
MD
LG