Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Бакиев байкоочулар миссиясынын башчысы менен жолукту


БИШКЕК. 10-июлда өтө турган президенттик шайлоодо административдик ресурстардын таасири болбойт. Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев ЕККУнун Демократия жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулар миссиясынын башчысы Любомир Копай менен жолугушууда билдирди. 16-майда өткөн бул жолугушууда тараптар өлкөдөгү саясий жагдайды, президенттик шайлоонун айрым өңүттөрүн талкуулашты. Копай президенттик шайлоо мурдагыдан жакшы өтөөрүнө үмүт артканын билдирди. Ал өткөн парламенттик шайлоодогу акыйкат атаандаштыкты чектөө, шайлоочулар тизмесинин так эместиги, маалымат каражаттарынын калыс эместиги, талапкерлерди болор-болбос себептер менен каттоодон четтетүү өңдүү өксүктөрдү атады.

XS
SM
MD
LG