Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Кочкордуктар каржы министринин милдетин аткаруучуга нааразы


БИШКЕК. Кочкор районундагы «Жаш күрөш» жаштар уюмунун өкүлдөрү Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык билдирип чыгышты. Алар каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровду кызматтан кетирүү, каржы полициясы менен Жапаров барган кезде Кочкордо болгон ок атууга байланыштуу иш козгоо, парламенттик шайлоого байланыштуу айрым талапкерлерге кысым көрсөтүүнү токтотуу, жаштардын спорттук жайын куруу үчүн жыл башында бөлүнгөн 700 миң сомдун дарегин таап берүү өңдүү талаптарды коюшту. Пикетчилердин бири Кубан Осмоналиевдин билдиргенине караганда, нааразы тарап ушул эле күнү Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун, Коопсуздук кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Таштемир Айтпаевдин наамына арыздарды тапшырышты. Осмоналиев ошондой эле президенттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу Үсөн Сыдыков шейшембиде кабыл алууну убада кылганын билдирди. Ал эми каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров буга чейинки билдирүүлөрүндө ушул өндүү нааразылыктарды атаандаштары тарабынан атайын уюштурулган чаралар катары баалаган.

XS
SM
MD
LG