Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

Назаралиев Кулов-Бакиев ынтымагы үчүн талапкерлигин алып койду


БИШКЕК. Дарыгер Жеңишбек Назаралиев президенттик шайлоого талапкер катары катышпай турган болду. Мындай билдирүүнү ал 16-майда АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жасады. Буга Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун бир пикирге келиши негиз болду. Биригүүнү ал өлкөнү регионалдык кызыкчылыктар боюнча бөлүү коркунучунан сактаган олуттуу саясий чечим катары баалады. Жеңишбек Назаралиев өзүнүн талапкердиктен баш тартышын тил комиссиясы менен байланыштырган жок. Тил комиссиясы аны ишемби күнү сынап, кайра сынак жүргүзүү чечимине келген.
Назаралиев ушул эле маалымат жыйынында президенттин милдетин аткаруучу премьер министр Курманбек Бакиевге каршы «наркобарон» деген сөзү үчүн 50 миллион доллар сурап, сотко берген доо арызын кайра аларын да билдирди:

- Кулов менен Бакиевдин тандеминен соң, талапкерлигимди алам деп чечкенден кийин биздин өлкөнүн бейпилдиги жана тынчтыгы үчүн бул акчанын эч кандай мааниси жок. Ошондуктан, бул маселени токтотуп койдум.

Бирок Назаралиев Аскар Акаевге каршы койгон 50 миллион долларлык доосунан кайтпай тургандыгын кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG